КРнын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын бюджетинин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү
2025-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгы боюнча каржылык бузуулар жалпы 8 289,7 миң сомду түзгөн, анын ичинен:
- 1 164,1 миң сом - бюджетти аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер;
- 271,6 миң сом - мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер;
- 6 854,0 миң сом - эсеп жана отчеттуулук тартибиндеги бузуулар.
Ошондой эле жалпы 8 289,7 миң сом каржылык бузуулардын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон 4 385,5 миң сомдон, аудит учурунда 2 835,2 миң сом ордуна коюлган, калдыгы 1 550,3 миң сомду түзөт. Кеңештин жыйынтыгында тиешелүү токтом кабыл алынып, аудит объекттерине аныкталган каржылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар, сунуштар берилди.











