Чүй областынын Аламүдүн районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Аламүдүн районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлдү, алар: Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы, Аламүдүн районунун Өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Аламүдүн финансы башкармалыгы, Аламүдүн районунун 17 өз алдынча башкаруу органдары жана 16 муниципалдык ишканалары.
Аламүдүн районунда жүргүзүлгөн аудиттерде 90 902,7 миң сомго каржылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен 68 730,1 миң сом калыбына келтирилиши керек болсо, аудиттердин жүрүшүндө 55 372,5 миң сом калыбына келтирилген:
- Бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 5 358,8 миң сом;
- Бюджетке төлөмдөр, туумдар жана айып пулдарды өндүрүү боюнча көрүлбөгөн чаралар – 588,7 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Бюджетке мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү тескөөдөн, мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудан алынган каражаттарды, ошондой эле акы төлөнүүчү мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелерди которбоо (өз убагында же толук эмес которуу) – 282,7 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 2 541,8 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш (аудиттин жүрүшүндө 76,1 миң сом калыбына келтирилген);
- Кайтаруу негизинде алынган каражаттарды өз учурунда эмес кайтаруу жана кайтарбай коюу, кайтаруу негизинде берилген займ каражаттарын (ссуда же кредит) пайдалангандыгы үчүн эсептелген пайыздарды өз учурунда эмес чегерүү же чегербөө – 101,9 миң сом;
- Тиешелүү бюджетке кирешелерди чегерүү/которуу маселелеринде мамлекеттик органдын, өз алдынча башкаруу органынын же чарба жүргүзүүчү субъекттин чечимдеринин дал келбестиги – 159,0 миң сом;
- Бюджеттик каражаттарды бюджеттик сметада каралбаган чыгымдарга пайдалануу – 836,0 миң сом;
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 2 431,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш (аудиттин жүрүшүндө 1 606,9 миң сом калыбына келтирилген);
- Капиталдык салымдарга каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар – 429,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Кызматкерлердин эмгек акы төлөөлөр жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 15 788,1 (аудиттин жүрүшүндө 4,0 миң сом калыбына келтирилген);
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар – 30,7 миң сом;
- Мүлккө/акча каражаттарына зыян келтирүү, уурдоо натыйжасында күнөөлүү жактардан акча каражаттарынын ордун толтуруу тартибин бузуу – 62,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн болушу – 5 205,4 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш (аудиттин жүрүшүндө 414,6 миң сом калыбына келтирилген);
- Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо) кем чыгуусу – 83,9 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш, (аудиттин жүрүшүндө 46,6 миң сом калыбына келтирилген);
- Тастыктоочу документтерсиз товардык-материалдык баалуулуктардын жана мүлктүн эсептен чыгарылышы – 211,2 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 1,9 миң сом калыбына келтирилген);
- Мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарынын сакталбагандыгы – 84,0 миң сом толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Эсеп жана отчеттуулук тартибинин жана башка бузуулары – 12,6 миң сом;
- Эмгек акыны, командировкалык чыгымдарды, жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана башка төлөмдөр менен байланышкан бузуулар – 32,5 миң сом;
- Негизги каражаттарды таануу, эсепке алуу жана аммортизациялоо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу – 32 484,0 миң сом (аудиттин жүрүшүндө мекемелердин эсебине толугу менен калыбына келтирилген);
- Финансылык активдер боюнча эсеп жүргүзүүдөгү мыйзам талаптарынын сакталбашы – 5,3 миң сом;
- Дебитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар – 15 434,6 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 11 852,2 миң сом мекемелердин эсебине калыбына келтирилген);
- Кредитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар – 8 890,1 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 8 890,1 миң сом толугу менен мекемелердин эсебинде калыбына келтирилген).
Коллегиянын чечимине ылайык Аламүдүн районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отурумунда кароо, аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоо, Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу сунушталды.







