Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Бүгүн, 2025-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2025-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору жана тиешелүү бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. 
Отурумда 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик  аудити боюнча отчет каралды. Бул маселе боюнча Эсептөө палатасынын аудитору Жузупбек Нурматов баяндама жасады. (бул маселе боюнча маалымат өзүнчө даярдалат). Ошондой эле 2023-жылдын   1-январынан   тартып   2024-жылдын   31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын  жана  анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчету каралды. Бул маселе боюнча Эсептөө палатасынын аудитору Бадахшан Рыскулиев баяндама жасады. Кеңеш аудиттин жыйынтыгын талкуулап, тиешелүү сунуштарды кабыл алды.