Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышына аудит жүргүзүлдү

2025-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары каралды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жүргүзүлгөн шайкештик аудитте төмөндөгү мыйзамга дал келбестиктер аныкталган:

  • пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен республикалык бюджеттин милдеттенмелерине 660,8 млн сомдук чыгымдар жүргүзүлгөн, (КР Финансы Министрлигинин кредитордук карызы) мисалы, республикалык бюджеттен 39 367,2 млн сом трансферт алууда Социалдык фонд тарабынан трансферт алуучуларга иш жүзүндө 40024,9 млн сом каржыланган;
  • төлөө булактары жок Пенсиялык фонддун пенсияларын  пенсионерлердин  күнөөсү менен ашыкча төлөө  (каза болгон пенсионерлер) – 1925,0 миң сом;
  • “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасы сакталбастан, 200,0 млн сомго облигациялар сатылып алынган;
  • Социалдык фонддун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилбегендигине байланыштуу МПТФ каражаттарын чыгымдоо боюнча ашыкча төлөм 72 101,2 миң сомду түзгөн.

Аудит тарабынан 168,5 миң сомго  каржылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:

- МПТФнын күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча ашыкча төлөмү – 14,2 миң сом (өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча белгиленген баа менен иш жүзүндөгү төлөмдөрдүн ортосундагы баа айырмасы);

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ички ченемдик актыларын бузуу менен Октябрь РСФБда - 51,3 миң сом, Жалал-Абад ШСФБда - 30,5 миң сом, Сокулук РСФБда 15,1 миң сом өлчөмүндө стимулдаштыруучу мүнөздөгү сый акылар чегерилген;

- күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча ашыкча төлөм (өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча белгиленген баа менен иш жүзүндөгү төлөмдүн ортосундагы баа айырмасы) - Октябрь РСФБ боюнча – 34,0 миң сом, Сокулук РСФБ боюнча – 23,4 миң сом.  

Социалдык фондго аныкталган шайкеш келбөөчүлүктөрдү четтетүү жана бузууларга жол бербөө боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар берилди.