Алмазбек Акматов кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм! Бул майрам - Кыргыз Республикасынын мамлекет катары эркиндигинин жана кубаттулугунун символу болуп эсептелет. Эгемендик – ата-бабаларыбыз эркиндик үчүн күрөшүп, кыргыз мамлекетин түзүүдө ар намысын туу тутуп, муундан муунга мурас кылып бизге калтырган ыйык баалуулук.
Эгемендүүлүккө жетишкенден бери Кыргызстан ар кандай сыноолордон өттү. Бирок, ар бир жолу кыргыз элинин чыдамкайлыгы, бекемдиги жана руханий күчү айкын далилденди. Биздин милдет – ушул эгемендүүлүктү ыйык сактап, өлкөбүздүн гүлдөп өсүп-өнүгүүсүнө биргелешип салым кошуу.
Ынтымак, биримдик менен ак эмгек аркасында Кыргызстандын келечеги жаркын, тарыхы дагы да даңктуу болот деп ишенем.
Бул маанилүү күндө Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө ынтымак жана тынчтык каалайм. Асманыбыз ачык болуп, ар бириңиздердин үйүңүздөрдө бакубат жашоо болсун!
Урматтоо менен,
Эсептөө палатасынын төрагасы
Алмазбек Акматов.







