Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда ант берүү жана билим берүү тармагындагы аудиттин жыйынтыктары талкууланды
2025-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши кезектеги отурумун өткөрдү. Иш-чаранын алкагында мамлекеттик кызматка жаңыдан кабыл алынган кызматкерлер мыйзам талаптарына ылайык ант беришти. Ант менен алар жогорку жоопкерчилик менен коомдук кызыкчылыктарга кызмат кылуу ниетин дагы бир жолу баса белгиледи.
Андан соң Кеңештин күн тартибинде билим берүү тармагына байланышкан маселе каралды. Тактап айтканда, Кеңештин мүчөлөрүнө Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары сунушталды. Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын аудитору Пардаали Батиров кеңири баяндап берди. Кеңеш мүчөлөрү отчетту талкуулап, сунуш-пикирлерин билдирип, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты (бул маселе боюнча өзүнчө маалымат даярдалат).
Эсептөө палатасы мындан ары да мамлекеттик каражаттардын ачык-айкын, мыйзамдуу жана натыйжалуу колдонулушуна көзөмөл жүргүзүү аркылуу коомдук ресурстардын адилеттүү пайдаланылышын камсыздоого багытталган ишин уланта берет.











