Баткен шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Баткен шаарынын 2024-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүздү. Аудитке, Баткен шаардык мэриясы, Баткен шаардык Кеңеши, Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти, Баткен шаарындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борбору”, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Капиталдык курулуш”, “Базарлар дирекциясы”, “Баткен-Тазалык”, “Баткен-Автобаза”, “Таза-Суу” муниципалдык ишканалары камтылды.
Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпысынан 53315,7 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, аныкталган каржы бузуулар толугу менен ордуна коюлууга тийиш. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 710,1 миң сом бюджетке калыбына келтирилди. Калыбына келтирилбеген калдык сумма 52605,6 миң сомду түздү.
Бузуулардын классификатору боюнча:
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 32676,8 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 189,1 миң сом бюджетке калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык сумма 32487,7 миң сомду түздү;
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 21,0 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бюджетке калыбына келтирилди;
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 20104,5 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, калыбына келтирилген жок;
- Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар 13,4 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, калыбына келтирилген жок;
- КР Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторундагы уюмдар тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча” Жобонун 7-главасынын 3- параграфына ылайык, дебитордук карызды эсепке алуу боюнча талаптардын сакталбагандыгы боюнча бузуулар 500,0 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бюджетке калыбына келтирилди.
Аудиттин жыйынтыгы менен:
1. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн Баткен шаарынын мэрине, Баткен шаардык Кеңешинин төрагасына, Баткен шаардык муниципалдык менчик департаментинин, “Нур” балдарды калыптандыруу борборунун, “Баткен Автобаза”, “Баткен Тазалык”, “Баткен Таза суу” муниципалдык ишканалырынын башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү.
2. Отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн шаардык Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү.
3. Баткен шаарынын 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү жана башка бюджеттик каражаттар эсебинен утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куроо иштерине мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнундө” жана КР “Шаар куруу жана архитектура жөнундө” мыйзамдарын бузууга жол берилген себептүү жалпы 32676,8 миң сомдук курулуш иштеринин наркын жана көлөмүн жогорулатуулар аныкталган. Ошол себептүү, Баткен шаардык мэриясы тарабынан аткарылган утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куроо иштерине бөлүнгөн каражаттардын туура өздөштүрүлүшүнө жооптуу вице-мэрдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо боюнча сунуш, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберилди.
4. Баткен шаардык мэриясынын алдындагы «Нур» балдарды калыптандыруу борборунда жергиликтүү бюджеттен тамак-аш беренесине каражаттарды өз убагында каржылоону камсыз кылбаган жооптуу кызматкерге карата тийиштүү чараларды көрүү боюнча Баткен шаарынын мэрине сунуш жиберилди.
5. Аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберилди.
6. Укуктук баа берүү үчүн Баткен шаардык мэриясынын жергиликтүү жана башка бюджеттик каражаттар эсебинен утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куроо иштерине сарпталган каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана туура өздөштүрүлүшүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча “Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы муниципалдык базардын (Блок А) курулушу” объектиси боюнча аныкталган 23989,5 миң сомдук кошуп жазуулар тууралуу аудиттин материалдары, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен областы боюнча башкармалыгына жиберилди.







