Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын бюджетинин аткарылышына аудит жүргүзүлдү

2025-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда аудитор Алмаз Турдумалиевдин жетекчилиги астында 2023-2024-жылдар аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. 

Аныкталган бузуулар кызматкерлерди колдоо фондунда баалоо критерийлеринин жоктугу, электр энергиясы жана транспорт чыгымдарынын ченемден ашуусу менен байланыштуу. Мындан тышкары, капиталдык оңдоо жана курулуш иштеринде 194,5 миң сомдук дал келбестиктер катталды.

Аудиттин жыйынтыгы менен Эсептөө палатасы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Акыйкатчы аппаратынын жетекчилигине аныкталган бузууларды жоюу, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик каражаттарды пайдаланууну көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча сунуштарды берди.

Эсептөө палатасы мамлекеттик ресурстардын ачык-айкын, мыйзамдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында өзүнүн аудиттик ишмердигин уланта берет.