Баткен областынын Баткен районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине аудит жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Баткен областынын Баткен районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттеринин түзүлүшүнө, аткарылышына жана муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлдү.
Аудитке, Баткен райондук мамлекеттик администрациясы, КР Финансы министрлигинин Баткен финансы башкармалыгы, Баткен райондук өнүктүрүү фонду, Кара-Булак, Суу-Башы, Ак-Сай, Ак-Татыр, Кара-Бак, Алтын-Бешик, Дара, Төрт-Гүл, Самаркандек айыл өкмөттөрү жана айыл өкмөттөрүнө караштуу “Кара-Булак-Тазалык”, “Таян-Тазалык, “ДараТазалык, “Мурас Автобаза” муниципалдык ишканалары камтылды.
Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпысынан 22733,6 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды (бюджет боюнча 3914,0 миң сом жана бухгалтердик эсеп боюнча 18819,6 миң сом), андан ордуна коюлууга тийиш болгон каржы бузуулар 22557,6 миң сомду түзөт. Аудиттин жүрүшүндө 18785,9 миң сом (бюджетке 561,1 миң сом жана бухгалтердик эсеп боюнча 18224,8 миң сом), калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык сумма 3771,7 миң сомду түзөт.
Бузуулардын классификатору боюнча:
- Төлөмдөрдү туура, толук жана өз убагында жүргүзүлүшүн, алар боюнча туумдардын жана айып пулдардын эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча көрүлбөгөн чаралар 129,2 миң сом, бюджетке толук калыбына келтирилүүгө тийиш;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрүнүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 214,1 миң сом, бюджетке толук калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 98,8 миң сом калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык сумма 115,3 миң сомду түзөт;
- Бюджеттик каражаттарды бюджеттик сметада каралбаган чыгымдарга пайдалануу 107,9 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бюджетке калыбына келтирилди;
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана көлөмүн жогорулатуу 3212,3 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 210,1 миң сом бюджетке калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык сумма 3002,2 миң сомду түзөт;
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар 176,0 миң сом;
- ТМБ ченемден ашыкча запастары жана эсептешүүлөрдөгү каражаттар 654,2 миң сом, бюджетке толук калыбына келтирилүүгө тийиш, калыбына келтирилген жок;
- Негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жан материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 18205,8 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бухгалтердик эсеп боюнча мекемеге калыбына келтирилди;
- Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу,уурдоо) кем чыгуусу 19,0 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бухгалтердик эсеп боюнча калыбына келтирилди;
- Командирокалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар 15,1 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бюджетке калыбына келтирилди.
Аудиттин жыйынтыгы менен:
1. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимге, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Баткен финансы башкармалыгынын башчысына, Суу-Башы, Ак-Сай, Ак-Татыр, Кара-Бак, Төрт-Гүл жана Алтын-Бешик айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таян-Тазалык” муниципалдык мекемелеринин башчыларына сунуштамалар жана жазма буйруктар жөнөтүлдү.
2. Отчеттордун, сунуштамалардын жана жазма буйруктардын көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн, айылдык Кеңештердин төрагаларына жөнөтүлдү.
3. Кара-Бак айыл өкмөтүндө мамлекеттик сатып алуулар боюнча өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыгы менен келишимдерди түзүүдө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу менен башка катышуучулардын атаандаштыктарын чектеген кырдаалга алып келген шарттардын түзүлүшүнө жол берген айыл өкмөттүн башчысына карата чараларды көрүү үчүн Баткен райондук мамлекетик администрация башчысы-акимге сунуш жиберилди.
4. Аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберилди.







