Лейлек районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине аудит жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Баткен областынын Лейлек районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024- жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттеринин түзүлүшү, аткарылышына жана муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлдү.
Аудитке, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, Лейлек районунун өнүктүрүү фондусу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Лейлек финансы башкармалыгы, Раззаков шаардык мэриясы, Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти, Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Лейлек Тазалык”, “Исфана Таза суу”, “Элге кызмат” муниципалдык ишканалары, Лейлек районундагы Кулунду, Сумбула, Тогуз-Булак, Ак-Суу, Жаңы-Жер, Лейлек, Кең-Талаа айыл өкмөттөрү жана айыл өкмөттөрү алдындагы “КулундуКоммунальщик”, “Сумбула кызмат көрсөтүү”, “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканалары камтылды.
Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында жалпысынан 16123,2 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен 15634,3 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, андан аудиттин жүрүшүндө 13588,0 миң сом калыбына келтирилди (бюджет боюнча 694,9 миң сом, бухгалтердик эсеп боюнча 12893,1 миң сом), калыбына келтирилбеген калдык сумма 2046,3 миң сомду түзөт.
Каржы бузуулар классификатору боюнча:
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 335,9 миң сом, бюджетке толук калыбына келтирилүүгө тийиш, 167,6 миң сом бюджетке калыбына келтирилди, калдык сумма 168,3 миң сомду түзөт;
- Курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 3498,9 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 2002,9 миң сом калыбына келтирилген, калдык сумма 1496,0 миң сомду түзөт; - (230303) Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 598,6 миң сом, калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 109,7 миң сомдон 26,3 миң сом бюджетке калыбына келтирилди. Калдык сумма 83,4 миң сомду түзөт;
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 7197,6 миң сом, бухгалтердик эсеп боюнча толук калыбына келтирилүүгө тийиш, толук калыбына келтирилди;
- Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар 110,2 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бюджетке калыбына келтирилди;
- Негизги каражаттарды таануу, эсепке алуу жана амортизациялоо тартиби боюнча мыйзам талаптарын бузуу 4050,7 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бухгалтердик эсеп боюнча толук калыбына келтирилди; - (410215) Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар 331,3 миң сом, бухгалтердик эсеп боюнча толук калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 32,7 миң сом калыбына келтирилди, калдык сумма 298,6 миң сомду түзөт.
Аудиттин жыйынтыгы менен:
1. 2023-жыл мезгил аралыгына карата Лейлек районунун ЖаңыЖер айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн мурдагы шайкештик аудиттин жыйынтыгында аныкталып, азыркы күнгө чейин калыбына келтирилбеген 241,6 миң сом бюджетке кошумча эсептөөлөр ( 75,0 миң сом киреше салыгы жана 166,6 миң сом Соцфондго камсыздандыруу төлөмү) коллегия отурумунда такталган себептүү, 1С отчетунан алып салынды.
2. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимге, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Лейлек финансы башкармалыгынын башчысына, Раззаков шаарынын мэрине, шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин жетекчисине, “Лейлек-Тазалык”, “Исфана-Таза суу”, “Элге кызмат” муниципалдык ишканаларынын директорлоруна, Лейлек районунун Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айыл өкмөттөрүнүн жана айыл өкмөтүнө караштуу “Сумбула кызмат көрсөтүү” жана “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканаларынын башчыларына жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.
3. Отчеттордун, сунуштамалардын жана жазма буйруктардын көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн, айылдык Кеңештердин төрагаларына жөнөтүлдү.
4. Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүндө эмгек мамилелерин жөндөөдө, Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодексинин», Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так аткарбаган Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын тийиштүү жооптуу кызматкерлерине карата мыйзам чегинде чараларды көрүү боюнча, Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимге сунуш жиберилди.
5. Аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберилди.







