Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму 2-октябрда болуп өттү

2025-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши кезектеги отурумун өткөрдү. Жыйында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз тиешеси бар бир катар маселелер каралды.
Алгач 2023-жылга карата Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы, жергиликтүү бюджеттердин иши жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары талкууланды. Бул маселени аудитор Бадахшан Рыскулиев алып чыкты.
2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде бюджеттин аткарылышы, электр тармагындагы ачык акционердик коомдордун иши, мындан тышкары 2021–2023-жылдар аралыгындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу аудиттин жыйынтыктары боюнча баяндаманы аудитор Азамат Раматилаев жасады.
Кеңештин отурумунда 2021-2024-жылдар мезгилинде Борбордук Азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунда бюджеттик жана башка каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудитинин отчетун аудитор Пардаали Батиров сунуштады.
Мындан тышкары жыйында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата Аудитордук иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.
Отурумдун жыйынтыгында бардык маселелер кеңири талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.