Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2025-жылдын 16-октябрындагы отуруму

2025-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши кезектеги отурумун өткөрдү.

Отурумда бир катар маселелер каралып, анын алкагында Эсептөө палатасынын мамлекеттик кызматкерлери ант беришти. Бул иш-чара мамлекеттик кызматка жогорку жоопкерчиликти, мыйзамдуулукту жана ачык-айкындыкты сактоо принциптерин дагы бир жолу бекемдеди.

Ошондой эле Кеңештин күн тартибинде “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары каралды. Бул маселе боюнча баяндаманы Эсептөө палатасынын аудитору Мукаш Арзыбаев тартуулады.

Эсептөө палатасы өз ишин мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги уюмдардын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту, натыйжалуулукту жана отчеттуулукту камсыздоого багытталган системалуу аудиттерди жүргүзүү аркылуу улантууда.