КР Эсептөө палатасы Монголиянын Улуттук аудит башкармалыгы менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол койду
2025-жылдын 10–14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов башында турган делегация Монголиянын Улуттук аудит башкармалыгына (Улан-Батор ш.) тааныштыруу иш сапары менен барды.
Сапардын алкагында КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов менен Монголиянын Башкы аудитору мырза Сандаг Магнайсүрэндин ортосунда эки тараптуу жолугушуу өттү. Тараптар эки мамлекеттин жогорку аудит органдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү перспективаларын талкуулап, тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик аудит методологияларын биргелешип өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.
Эсептөө палатасынын делегациясы Монголиянын Улуттук аудит башкармалыгынын уюштуруу түзүмү, аудит жүргүзүү тажрыйбасы, ошондой эле аудитордук ишмердүүлүктө маалыматтык технологияларды колдонуу өзгөчөлүктөрү менен таанышты.
Мындан тышкары, делегация өкүлдөрү Монголия жана Кыргызстан боюнча Парламенттер аралык достук тобунун, Монголиянын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин, E-Mongolia Academy борборунун, Монголиянын Каржы министрлигинин, Улуу Мамлекеттик Хуралдын Бюджет боюнча туруктуу комитетинин, ошондой эле Улан-Батор шаарынын Мамлекеттик аудит башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Сапардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Монголиянын Улуттук аудит башкармалыгынын ортосунда мамлекеттик аудит чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документ финансылык аудит, натыйжалуулук аудити жана шайкештик аудити боюнча кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну карап, эки мамлекеттин аудит органдарынын өнөктөштүк байланышын мындан ары чыңдоо үчүн негиз түзөт









