Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Эсептөө палатасынын Кеңеши 2024-жыл үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигиндеги бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту карады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши кезектеги отурумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышынын шайкештик аудитинин жыйынтыктарын карады. Аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтыды. Аудиттин жыйынтыгы жөнүндө Эсептөө палатасынын аудитору Жузупбек Нурматов баяндады.

Аудиттин жүрүшүндө ченемдик талаптарга жана финансы тартибине шайкеш келбеген иш-аракеттердин жалпы суммасы 948,4 млн сомду түзгөнү аныкталды. Анын ичинен 32,2 млн сом финансы мыйзам бузуулары катары катталса, 2 млн сомго жакын каражат аудиттин жүрүшүндө кайра калыбына келтирилди. Текшерүүдө дивиденддер боюнча 37,4 млн сом карыз топтолуп калып, алардын ичинде 27,3 млн сом айып пул катары эсептелгени белгилүү болду. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тармагында дагы олуттуу көйгөйлөр аныкталган: жалпысынан 33,9 млн сом финансылык мыйзам бузуулар аныкталган, 28,7  млн сом каражат бюджетке түшпөй калган. Аудит учурунда ижара мамилелериндеги айрым материалдар укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жиберилди.

Эсептөө палатасы мамлекеттик ишканалардын материалдык-техникалык базасын жаңылоого шарт түзүү максатында 2023-жылы кабыл алынган чечимди өз учурунда ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ага ылайык, 2022–2025-жылдар аралыгында мамлекеттик ишканалар таза пайдасынын 50 пайызын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багыттоого укуктуу.

Аудиттин жыйынтыктары мамлекеттик активдерди башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатуу, ижара жана дивиденддер боюнча карыздарды өндүрүүнү камсыз кылуу, мамлекеттик ишканалардын отчеттуулук жана натыйжалуулук деңгээлин күчөтүү, ошондой эле укуктук баа берилиши мүмкүн болгон фактылар боюнча тиешелүү органдарга материалдарды берүү зарылдыгын көрсөттү. Аудиттин толук корутундусу Эсептөө палатасынын расмий сайтында жарыяланат.