Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Чүй областынын Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине аудиттер жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн, жана жыйынтыгында бардыгы  116 243,0 миң сом финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен калыбына келтирилүүгө тийиш 94 784,9 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 65 193,9 миң сом калыбына келтирилген), анын ичинен:

  • Бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши –  13 142,2 миң сом;
  • Бюджетке төлөмдөр, туумдар жана айып пулдарды өндүрүү боюнча көрүлбөгөн чаралар – 65,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) - 1 024,4 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш (аудиттин жүрүшүндө 13,0 миң сом калыбына келтирилген);                  
  • Бюджеттик каражаттарды бюджеттик сметада каралбаган чыгымдарга пайдалануу – 810,0 миң сом;
  • Резервдик фонддордун каражаттарын бөлүү шарттарында каралбаган максаттарга пайдалануу – 104,0 миң сом;
  • Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 3 557,7 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш.
  • Капиталдык салымдарга каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар337,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
  • Кызматкерлердин эмгек акы төлөөлөр жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 1 908,1 миң сом, 37,9 миң сом калыбына келтирилүүсү тийиш;
  • ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар – 4 950,6 миң сом;
  • Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн болушу – 83 303,6 миң сом, толугу менен эсепке алынуусу тийиш (аудиттин жүрүшүндө 59 269,6 миң сомго эсепке алынган);
  • Бюджетке ижара акысын өз учурунда чегерүүнү камсыздоо боюнча контролдоонун жана чараларды көрүүнү жоктугу – 12,1 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
  • Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар – 2,8 мин сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
  • Негизги каражаттарды таануу, эсепке алуу жана аммортизациялоо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу – 4 201,2 миң сом, аудиттердин учурунда толугу менен эсепке алынган;
  • Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 2 823,3 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш (аудиттин жүрүшүндө 1 710,1 миң сом калыбына келтирилген).

Аудиттердин материалдары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Коллегиясында каралып, бекитилген. Коллегиянын чечимине ылайык, “2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктары жөнүндө отчёт” Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жиберилген.

Андан тышкары, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жана Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар жиберилген.

Чүй областынын Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктарын, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отурумунда кароону, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюуну, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоону, жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктарды аудит субъекттери тарабынан аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алууну Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине сунушталды.