“Манас” улуттук академиясынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө
Эсептөө палатасы “Манас” улуттук академиясынын 2022-2024-жылдар аралыгына карата бюджетинин аткарылышына шайкештик аудит жүргүздү. Текшерүүдө социалдык жана салыктык төлөмдөрдү эсепке алуу, сатып алууларды пландаштыруу жана жүргүзүү, автотранспортту пайдалануу, ошондой эле мурдагы жылдардан калган эсептешүүлөр боюнча айрым тартип бузуулар аныкталды.
Аудит мамлекеттик сатып алууларда мыйзам талаптары толук сакталбаган учурларды, транспорт каражаттарына байланышкан ашыкча чыгымдарды жана айрым келишимдердин аткарылышында так эместиктер бар экенин көрсөттү.
Эсептөө палатасы мекемеге каржы тартибин чыңдоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү сунуштарды берди.










