Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2021-2024-жылдар аралыгына карата “Слово Кыргызстана” басма үйүндө жүргүзүлгөн  финансылык аудиттин жыйынтыгы

Эсептөө палатасы 2021–2024-жылдардагы “Слово Кыргызстана” басма үйүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен бухгалтердик эсепте, ички көзөмөлдө жана документтештирүүдө бир катар кемчиликтерди аныктады. Маалыматтардын толук болбошу аудиттин толук корутундусун чыгарууга мүмкүндүк берген жок.

Текшерүү ошондой эле басма үйүндө пландоо жетишсиздигин, кирешелердин төмөндөшүн, чыгымдардын өсүшүн, эмгек акыларды убагында төлөөдө жана сатып алууларды жүргүзүүдө тартип бузуулар бар экенин көрсөттү.

Аныкталган маселе боюнча Эсептөө палатасы жоопкерчиликти күчөтүү жана финансылык тартипти жакшыртуу боюнча сунуштарды берди.