Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыктары

Эсептөө палатасы 2022-2024-жылдар аралыгына карата Улуттук телерадиоберүү корпорациясына жүргүзгөн шайкештик аудитин жыйынтыктады. Текшерүү учурдагы мыйзамдардын жана реформалоо боюнча кабыл алынган мамлекеттик чечимдердин алкагында жүргүзүлүп, корпорациянын акыркы жылдардагы иши жана бюджеттик каражаттарды колдонуу тартиби бааланды.

Аудиттин жүрүшүндө бир катар уюштуруу, каржылык жана эсепке алуу процесстеринде тактоону талап кылган жагдайлар аныкталды. Эмгек акы, сатып алуулар, ички документтерди аткаруу жана өндүрүштүк пландар боюнча бир катар практикалык мүчүлүштүктөр да белгиленди. Ошондой эле айрым бөлүмдөрдө иш процессин өркүндөтүүнү талап кылган учурлар, киреше агымдарын башкаруу жана отчеттуулуктун тактыгы боюнча кошумча көңүл бурууга муктаж тармактар көрсөтүлдү.

Аудиттин жыйынтыктары системалуу жакшыртууларды ишке ашырууга, ички башкаруу механизмдерин бекемдөөгө жана отчеттуулуктун сапатын жогорулатууга негиз болору күтүлүүдө.

Тийиштүү материалдар мыйзамда каралган тартипке ылайык компетенттүү органдарга карап чыгуу үчүн жөнөтүлөт. Ошону менен бирге, аудиттин жүрүшүндө аныкталган айрым маселелер боюнча кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо жана ички тартипти чыңдоо зарылдыгы да сунушталды. Бул сунуштар корпорациядагы башкаруу процесстерин жакшыртууга, жоопкерчилик маданиятын бекемдөөгө жана жалпы иштин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.