Эсептөө палатасы ЭлТРдеги аудиттин жыйынтыктарын чыгарды
Эсептөө палатасы 2022–2024-жылдар үчүн “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына жүргүзгөн шайкештик аудитинде эмгек акы жана кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө белгиленген тартиптер толук сакталбаганы, айрым төлөмдөр документтер менен негизделбегени аныкталды.
Ошондой эле эски дебитордук карыздардын толук өндүрүлбөй келиши, инвентаризацияда бир катар материалдык баалуулуктардын жетишпестиги жана командировкалык чыгымдарды тариздөөдө эрежелер бузулган фактылар белгиленди.
Аудиттин жыйынтыгында компанияга финансылык тартипти чыңдоо жана ички контролдукту күчөтүү боюнча чараларды көрүү сунушталды.







