Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдетүү» долбоорлору боюнча аудиттин жыйынтыктары

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдетүү» долбоорлорунун алкагында мектеп жана мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн чараларга натыйжалуулук аудитин жүргүздү.

Аудиттин жыйынтыгында долбоорлордун багыттары коюлган максаттарга шайкеш келгени менен, башкаруу, жол-жоболук жана техникалык мүнөздөгү кемчиликтер аныкталды.

Негизги аныкталган маселелер:

Ички көзөмөл жана документ жүгүртүү жетиштүү деңгээлде уюштурулган эмес. Маалыматтардын өз убагында берилбеши, документтерди формалдуу кабыл алуу-өткөрүү жана журналдардын толук жүргүзүлбөшү ачыктыкты төмөндөтүп, чечимдерди көзөмөлдөөнү татаалдаштырган.

Компьютердик жабдууларды пландаштыруу жана сатып алуу процессинде техникалык тапшырмаларга көп жолу негизсиз өзгөртүүлөр киргизилген. Санариптик билим берүү платформасы даяр боло электе жабдуулар сатылып алынгандыктан, иш-чаралардын ортосунда синхрондуулук камсыздалган эмес.

Сатып алуулар жол-жоболорунда баалоо учурунда карама-каршылыктар жана кош стандарттар аныкталып, жеткирүүчүнүн тобокелдиктерин текшерүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптар жөнөтүлгөн эмес. Бул ак ниетсиз жеткирүүчү менен келишим түзүү коркунучун жогорулаткан.

Жеткирилген жабдуулардын сапаты талаптарга жооп бербейт. Компьютерлердин техникалык мүнөздөмөлөрү спецификацияга дал келбегени, кабыл алуу учурунда тестирлөө протоколдорунун жоктугу аныкталды. Айрым жабдуулар толук же максатка ылайык пайдаланылбай келет.

Санариптик билим берүү платформасын иштеп чыгуу кечеңдетилген. Контентти иштеп чыгуу жана платформаны түзүү жабдуулар сатылып алынгандан кийин гана башталган. Натыйжада, техника толук колдонулбай, моралдык жактан эскирүү коркунучу жаралган.

Индикаторлордун системасы көбүнчө формалдуу мүнөзгө ээ болуп, санариптештирүүнүн билим берүү жыйынтыгына тийгизген реалдуу таасирин чагылдырбайт.

Мугалимдерди окутуу маселеси боюнча мамлекеттик билим берүү инфраструктурасынын мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылган эмес. Натыйжада, олуттуу суммадагы каражаттар коомдук жана жеке уюмдардын фасилитациялык кызматтарына багытталган.

Адистештирилген мектептерде жана STEAM багытында жабдууларды бөлүштүрүүдө муктаждыктар алдын ала талданбагандыктан, айрым мектептерде техника такыр колдонулган эмес.

Долбоор каражаттарынын максатсыз жана үнөмсүз пайдаланылган учурлары, анын ичинде жабдууларды туура эмес компоненттерден сатып алуу, консультациялык кызматтарды негизсиз бөлүштүрүү жана контракттарды формалдуу башкаруу фактылары аныкталды.

Жалпы корутунду: Аудит көрсөткөндөй, долбоорлор билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталганына карабастан, системалык башкаруудагы, пландаштыруудагы жана контролдогу кемчиликтер алардын натыйжалуулугун төмөндөтүп, кошумча бюджеттик чыгымдардын тобокелдигин жаратат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бюджеттик каражаттардын натыйжасыз жана максатсыз пайдаланылышы боюнча аныкталган фактыларды укуктук баа берүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүү жөнүндө маалымдайт.