Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана ага караштуу ведомстволук мекемелеринин жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши Экономика жана коммерция министрлигинде жана анын карамагындагы мекемелерде 2022–2024-жылдар үчүн жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарын карап чыкты. Аудит министрликтин жана ведомстволук түзүмдөрдүн ишинде жүктөлгөн функцияларды аткаруунун натыйжалуулугу, бюджеттик тартипти сактоо жана негиздөөчү орган тарабынан көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча системалуу мүнөздөгү кемчиликтер бар экенин көрсөттү. Ошондой эле бюджеттик пландоодо, командировкаларды тариздөөнүн тартибинде, мамлекеттик сатып алууларда жана тышкы жардам долбоорлорун башкарууда бир катар кемчиликтер аныкталды.
Аткаруучу айрым агенттиктер (Министрликтер) тышкы жардам долбоорлорун баштоону ыйгарым укуктуу орган (ЭКМ) менен милдеттүү түрдө макулдашуусуз жана алардын максатка ылайыктуулугу боюнча корутундуну албастан ишке ашырганы аныкталды. Белгиленген тартиптен тышкары, жалпы суммасы 10 млрд сомдон ашкан долбоорлор башталып, бул мамлекет тарабынан долбоорлорду өз убагында көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектеген.
Мамлекеттик «Кыргыз Экспорт» мекемеси менен Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү ортосунда айрым функциялардын кайталанышы аныкталды. Экспортту илгерилетүү боюнча милдеттери окшош болгонуна карабастан, ролдор так бөлүштүрүлбөгөн, аракеттердин координациясы жана натыйжалуулукту баалоо механизмдери камсыздалбаган. Чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүнүн ишинде да экспорттук келишимдерди тастыктоо боюнча олуттуу кемчиликтер аныкталды: экспорттук келишимдерди коштоо үчүн каралган комиссиялык төлөмдөр практикалык жактан алынган эмес, айрым келишимдер боюнча тастыктоочу документтер толук эмес же такыр болгон эмес.
Аккредитация жана стандарташтыруу тутумунда да бир катар көйгөйлөр аныкталды: каржылык башкарууда мыйзам бузууларга жол берилген, милдеттүү регламенттер толук аткарылбаган жана ички контролдун жетишсиздиги байкалган. Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы М. Мясникович да өз катында мындай бузуулар улуттук аккредитация системасына болгон ишенимге терс таасир тийгизерин белгилеген.
Мамлекеттик «Кыргыз Экспорт» мекемесинин ишинде экспорттук иш-чараларды коштоонун натыйжалуулугу төмөн экени аныкталды. Көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга ири бюджеттик каражаттар бөлүнгөнүнө карабастан, жетишилген натыйжаларды документтештирүү, түзүлгөн келишимдердин аткарылышын мониторинг кылуу жана андан аркы коштоону камсыз кылуу жетишсиз болгон.
«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому боюнча да системалуу мүнөздөгү олуттуу кемчиликтер табылды. Ири суммадагы бюджеттик каражаттар негиздөөчү орган тарабынан талаптагыдай көзөмөлгө алынбастан пайдаланылып келген. Долбоорлор өз убагында мониторингсиз калган, келишимдер тобокелдиктер менен чыгымдардын негиздүүлүгүнө талдоосуз түзүлгөн учурлар катталган. Бул фактылар бөлүнгөн ресурстарды натыйжасыз пайдалануу коркунучунун жогорулашына алып келген.
Аудиттин жыйынтыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши бюджеттик тартипти чыңдоого, ички контролдоо механизмдерин өркүндөтүүгө, ведомстволук түзүмдөр ортосундагы функциялардын кайталанышын жоюуга жана мамлекеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган сунуштарды берди







