Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү
2025-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө бир катар уюштуруучулук жана маанилүү аудиттик маселелер каралды. Атап айтканда, Кеңеш мүчөлөрү Эсептөө палатасынын башкы мамлекеттик инспектору Т.З. Алмаматовду жана мамлекеттик инспектору К.С. Зайналовду 65 жаш юбилейлери менен куттуктап, көп жылдык ак ниеттүү эмгеги жана мамлекеттик кызматтагы салымы үчүн сыйлуу белектерди тапшырышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик кызматчыларынын ант берүү аземи өткөрүлүп, жаңы кызматкерлер мамлекеттик кызматчынын антын кабыл алышты.
Отурумдун негизги бөлүгүндө 2024-жылга карата жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары каралды. Кеңешке Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин отчету сунушталды.
Мындан тышкары, ушул эле отчеттук мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасында жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудитинин жыйынтыктары талкууланды.
Кеңеш ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин отчетун карады.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары угулду.
Отурумдун жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынып, аныкталган маселелер боюнча сунуштар берилди.







