Саламаттык сактоо министрлигинде 2024-жылга карата бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудит жүргүзүлдү
2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлдү.
Аудиттин жүрүшүндө 2023-жылга карата мурда берилген буйруктардын жана сунуштамалардын аткарылышы талданып, алардын басымдуу бөлүгү толук, калганы жарым-жартылай аткарылганы белгиленди. Калыбына келтирүүгө тийиш болгон каражаттардын бир бөлүгү бюджетке кайтарылган.
“2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга ылайык, министрликтин такталган бюджети бекитилип, жыл жыйынтыгы менен бюджеттин аткарылышы 93 пайыздан ашкан.
Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарындагы кадрдык абал, штаттык бирдиктердин толукталышы, эмгек акы төлөө шарттары жана кошумча эмгек акылардын колдонулушу каралды. Аудит жыйынтыктары кадр жетишсиздиги жана бош орундардын сакталып калышы медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө таасир эткенин көрсөттү.
Мындан тышкары, дары-дармек жана медициналык буюмдарды эсепке алуу, бухгалтердик отчеттуулук, дебитордук карыздарды чагылдыруу жана бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча айрым кемчиликтер аныкталды. Бул маселелерди жөнгө салуу боюнча тиешелүү сунуштар берилди.
Аудиттин жыйынтыктары саламаттык сактоо тармагында бюджеттик каражаттарды башкарууну өркүндөтүүгө, финансылык тартипти чыңдоого жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган.











