Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудитинин жыйынтыктары тууралуу

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө натыйжалуулук аудити жүргүзүлдү.

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №176 токтомуна ылайык түзүлүп, мамлекеттик медициналык уюмдарды жана калкты жеткиликтүү баада дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу максатында иш алып барат. Ишкананын 2024-жылга карата бюджети 4,99 млрд сом киреше жана 4,84 млрд сом чыгаша менен бекитилип, жыл жыйынтыгында 5,63 млрд сом көлөмүндө аткарылган.

Аудиттин жыйынтыгында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу, сактоо, бөлүштүрүү жана эсепке алуу процесстеринде айрым мыйзам талаптарына шайкеш келбеген учурлар, ички контролдун жетишсиздиги жана финансылык башкарууда кемчиликтер аныкталды. Муктаждыктарды пландоодо так эместиктерге жол берилген, сатып алууларда экономикалык натыйжалуулук толук камсыздалган эмес, ошондой эле бухгалтердик эсеп менен кампа эсептеринин ортосунда айырмачылыктар катталган.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө белгиленген тартиптердин толук сакталбаганы, дебитордук жана кредитордук карыздардын өсүшү, айрым дары-дармектердин жарактуулук мөөнөтүнүн өтүп кетиши жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсепке алууда жетишсиз иштер белгиленди. “Эл Аман” филиалы боюнча да кампа калдыктарын башкаруу жана эмгек акы төлөө маселелерине байланыштуу кемчиликтер аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы менен бюджеттик тартипти чыңдоо, ички контролду күчөтүү, сатып алууларды жана эсепке алуу процесстерин өркүндөтүү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү сунуштар берилди. Аныкталган айрым суммалар бюджетке кайтарууга жана калыбына келтирүүгө тийиш.

Эсептөө палатасы тарабынан берилген сунуштарды ишке ашыруу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыздоону жакшыртууга жана бюджеттик каражаттарды рационалдуу пайдаланууга багытталат.