Улуттук статистика комитетинде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилди камтыган шайкештик аудитин жүргүздү. Анын жыйынтыгында жалпы суммасы 18 812,9 миң сомду түзгөн финансылык тартип бузуулар аныкталды. Анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон каражаттар 8 459,7 миң сомду түзүп, аудит жүргүзүлгөн мезгилде 176,9 миң сом калыбына келтирилген, ал эми орду толтурула элек сумма 8 282,8 миң сом бойдон калган.
Аудиттин жүрүшүндө эң орчундуу бузуулардын бири катары 9 441,8 миң сом өлчөмүндөгү каржы тартип бузуу белгиленип, анда өз ыктыяры менен үй чарбаларын изилдөөгө катышкан үй-бүлөлөргө берилүүчү компенсациялар туура эмес бюджеттик беренеден каржыланганы аныкталган. Тактап айтканда, сурамжылоого катышкан ар бир үй-бүлөгө ай сайын 200 сомдон төлөнүп турган компенсациялар 211-берене «Эмгек акы» эсебинен жүргүзүлгөн, ал эми аталган чыгымдар 2721-берене «Калкка социалдык жардам көрсөтүү» аркылуу каржыланышы керек болчу.
Мындан тышкары, жашырылган дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар аныкталып, алардын суммасы 7 811,7 миң сомду түзгөн. Ошондой эле товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар 262,2 миң сомду, тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу 21,8 миң сомду түзгөн.
Аудиттин жыйынтыгында мүлктү менчик ээси менен макулдашуусуз жана же аны пайдалануудан киреше албастан ижарага берүү фактылары аныкталып, бул бузуулардын суммасы 74,1 миң сомго бааланган. Мындан сырткары, курулуш-монтаждоо иштеринин наркын жана же көлөмүн жогорулатуу менен байланышкан бузуулар 28,1 миң сомду түзүп, ошондой эле башка мүнөздөгү финансылык тартип бузуулар да катталган.
Аудиттин жыйынтыктарынын негизинде Улуттук статистика комитетине финансылык тартип бузууларды жоюу жана орду толтурулбаган каражаттарды калыбына келтирүү, бюджеттик чыгымдарды так жана туура багытта жүргүзүү, жашырылган дебитордук карыздарды жана товардык-материалдык баалуулуктардын запастарын так эсепке алуу, мүлктү ижарага берүүдө келишимдерди жана кирешени мыйзамга ылайык жүргүзүү жана курулуш-монтаждоо иштеринин наркын жана көлөмүн так аныктоо боюнча сунуштар берилди. Мындан тышкары, ички көзөмөл системасын чыңдоо жана отчеттук документ жүргүзүүнү күчөтүү сунушталды.










