Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Эсептөө палатасынын "Тынчтык" пансионатында футбол стадионунун ачылуу аземи жана облустук турнир өттү

2026-жылдын 15–16-январь күндөрү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын демилгеси менен Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан «Тынчтык» пансионатынын аймагында жаңы футбол стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Жапарбек Ормонов, ошондой эле Сары-Ой айылынын тургундары жана спорт күйөрмандары катышты.

Ачылыш аземинин алкагында облустук деңгээлдеги футбол турнири уюштурулуп, ага жалпысынан 16 команда катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов турнирдин катышуучуларына ийгилик каалады.

— «Урматтуу Сары-Ой айылынын тургундары, жаштар жана турнирдин катышуучулары! Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, бүгүнкү күндө мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевич спортту өнүктүрүүгө бардык шарттарды түзүп берүүдө. Бул футбол стадиону жалпы Ысык-Көл районуна кызмат кылат деп ишенем жана дал ушул жерден дүйнөнү дүңгүрөткөн күчтүү спортчулар чыгат деген тилегим бар. Азыр мамлекет спортко, айрыкча футболго өзгөчө көңүл бурууда. Бардыгыңыздарга ийгилик каалайм, күчтүүлөр жеңсин», — деди.

Өз кезегинде Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов аталган футбол стадиону бардык заманбап талаптарга жооп берерин белгилеп, мындай шарттагы спорт аянтчасы учурда райондо саналуу гана экенин айтты.

— «Бул футбол аянтчасы бардык талаптарга жооп берет. Буюрса, дал ушул жерден келечекте күчтүү жаш спортчулар өсүп чыгат деп ишенем. Спорт аянтчасын куруп берген Эсептөө палатасына терең ыраазычылык билдирем», — деди аким.

Турнирдин жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командалар кубок, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.