Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2026-жылдын 22-январындагы отуруму жөнүндө
2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө күн тартибине ылайык бир катар маселелер каралды. Алгач ар кандай маселелер бөлүмүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Мамлекеттик секторго аудит жүргүзүү башкармалыгынын мамлекеттик инспектору Гульшайыр Кубатбекованын жана Экономика тармактарына аудит жүргүзүү башкармалыгынын аналитиги Роза Омурзакованын юбилейлерине арналган куттуктоо баракчалары жана сыйлуу белектер тапшырылды.
Мындан тышкары, отурумда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө, ага караштуу кызматтарда жана мекемелерде 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков баяндама жасады.
Ошондой эле, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бюджетинин аткарылышына кайрадан жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет угулду. Бул маселе боюнча да аудитор Алимжан Байгазаков маалымат берди.
Каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.












