2020-2024-жылдарга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары
КР Эсептөө палатасы тарабынан КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бюджетинин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү.
Аудиттин жыйынтыгында, материалдык-техникалык базаны чыңдоо максаты нормативдик укуктук актыларда каралганына карабастан, Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун каражаттарынын бул багытка жумшалышы өтө төмөн деңгээлде болгондугу аныкталды. Тактап айтканда, 2023-жылы материалдык-техникалык базаны чыңдоого 378,2 миң сом (жалпы чыгымдардын 1,33 пайызы), ал эми 2024-жылы 410,0 миң сом (0,81 пайызы) гана багытталган. Фонддун каражаттарынын негизги бөлүгү кызматкерлерди сыйлоого жана социалдык төлөмдөргө жумшалган. Жамааттык келишимге ылайык, майрамдык жана эсте каларлык күндөргө карата, ошондой эле башка түрдөгү сыйлоолор жана социалдык төлөмдөр каралган. Аудиттин жүрүшүндө айрым кызматкерлерге бир айдын ичинде бир нече жолу сый акы төлөнгөн учурлар аныкталган.
Бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана ички контролду камсыз кылуу талаптарынын бузулушу да аныкталды. 1,5 млн сом суммасындагы негизги каражаттарды эсептен чыгарууда документтерди тариздөө тартиби бузулуп, техникалык экспертиза, утилдештирүү жана сатуу боюнча тастыктоочу актылар жок болгон.
Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым талаптары бузулгандыгы аныкталган.
Ошондой эле аудиттин жүрүшүндө региондордо жайларды ижарага алуу үчүн бюджеттик каражаттардын 1,7 млн сом өлчөмүндө натыйжасыз пайдаланылгандыгы аныкталган. Мында мамлекеттик жайларды акысыз негизде алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча КР Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган финансылык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын сакталбагандыгы боюнча бузууларды жоюуга, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана финансылык тартипти чыңдоого багытталган тиешелүү сунуштар берилди.







