Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун бюджетинин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Ысык-Көл областынын  Жети-Өгүз  районунда 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 326420,7 миң сомду түзгөн, анын ичинде 314943,6 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 187586,1 миң сом. Анын ичинен:

  • Бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн камсыздоо жана кайтаруу боюнча көрүлбөгөн чаралар 2187,3 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 582,4 миң сом. Анын ичинде:
  • Төлөмдөрдү туура, толук жана өз убагында жүргүзүлүшүн, алар боюнча туумдардын жана айып пулдардын эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча көрүлбөгөн чаралар 2187,3 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 582,4 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттардын чегерилбеши 3072,6 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 3072,6 миң сом, калыбына келтирилгени 261,0 миң сом. Анын ичинде:
  • Мүлктү тескөөдөн алынган каражаттардын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелердин бюджетке чегерилбеши (өз убагында эмес же  толук эмес чегерүү) 473,2 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 473,2 миң сом,
  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 167,5 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш;
  • Кайтаруу негизинде алынган каражаттарды өз учурунда эмес кайтаруу жана кайтарбай коюу, кайтаруу негизинде берилген зайым каражаттарын (ссуда же кредит) пайдалангандыгы үчүн эсептелген пайыздарды өз учурунда эмес чегерүү же чегербөө 2431,9 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 261,0 миң сом;
  • Бюджеттерге каражаттарды алууда жана бюджеттерден каражаттардын ордун толтурууда укуктук негиздердин дал келбестиги же жоктугу 240,5 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиш 240,5 миң сом, калыбына келтирилгени 183,6 миң сом. Анын ичинде:
  • Тиешелүү бюджетке каражаттарды чегерүү тартибин бузуу 240,5 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиш 240,5 миң сом, калыбына келтирилгени 183,6 миң сом;
  • Бюджеттердин каражаттарын максатсыз пайдалануу 392,3 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 392,3 миң сом. Анын ичинде:
  • Башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылууга тийиш болгон чыгымдарды төлөө үчүн каражаттарды пайдалануу 56,9 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш;
  • Резервдик фонддордун каражаттарын бөлүү шарттарында каралбаган максаттарга пайдалануу 82,0 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш;
  • Мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды башка багытка пайдалануу 253,4 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш;
  • Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 5671,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 603,1 миң сом. Анын ичинде:
  • Курулуш-куроо иштеринин наркын жана көлөмүн жогорулатуу 5671,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 603,1 миң сом.
  • Милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган  чыгымдар) 10033,9 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 161,7 миң сом, калыбына келтирилгени 97,6 миң сом. Анын ичинде:
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 7661,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 129,6 миң сом, калыбына келтирилгени 97,6 миң сом;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 2372,8 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 32,1 миң сом;
  • Бюджеттик каражаттардын сакталышын жана кайтарылышын камсыз кылбоо 1530,3 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 1530,3 миң сом. Анын ичинде:
  • Отчеттуу жак катары саналган кызматкерлерге берилген каражаттар боюнча карыздын талап кылынбагандыгы 1530,3 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 1530,3 миң сом;
  • Бюджеттерди аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер 226,3 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 51,5 миң сом. Анын ичинде:
  • Бюджеттерди аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер 226,3 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 51,5 миң сом;
  • Мүлктү сактоонун камсыздалбашы 257483,8 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 140403,2 миң сом. Анын ичинде:
  • Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик  мүлктүн болушу 255630,4 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 138824,7 миң сом;
  • Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо) кем чыгуусу 434,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 393,3 миң сом;
  • Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу 1419,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 1185,2 миң сом.
  • Мүлктү пайдалануудагы бузуулар 1381,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 353,9 миң сом. Анын ичинде:
  • Бюджетке ижара төлөмүн өз учурунда которууну камсыздоо боюнча чаралардын кабыл алынбагандыгы жана анын жоктугу 1324,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 353,9 миң сом;
  • Мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарынын сакталбагандыгы 57,0 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш.
  • Бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар 44201,5 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 44101,9 миң сом. Анын ичинде:
  • Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар 99,6 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш;
  • Эсептен дебитордук карыздар боюнча бузуулар 44101,9 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 44101,9 миң сом.

 Мындан тышкары, 4 (төрт) мүлктү пайдалануудагы башка бузуулар ,  2 (эки) бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүүнүн жана берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, 12 (он эки) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы  бузуулар анын ичинен: 12 (он эки) (110250,7 миң сомго) ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрбөстөн сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөр), 4 (төрт) ченемдик-укуктук актылардын  макулдашуулардын ченемдерин жол-жоболук бузуулар, анын ичинен тармактык ченемдик-укуктук актылар, анын ичинен: 4 (төрт) билим берүү бөлүгүндө мыйзам ченемдерин жол-жоболук бузуулар жана башка жол-жоболук бузуулар.

Жети-Өгүз районунда жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына  жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жети-Өгүз башкармалыгынын башчысынын, айыл өкмөттөрдүн, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.