Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү
2026-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө күн тартибине ылайык бир катар маанилүү маселелер каралды. Алгач, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жумушка жаңы орношокон мамлекеттик кызматчы ант берди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 01-5/79 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды. Аталган токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде жана ага караштуу ведомстволук мекемелерде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктарына байланыштуу кабыл алынган. Бул маселе боюнча аудитор Алимжан Байгазаков баяндады. Ошондой эле, 2026-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук иш планына өзгөртүү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бул багытта маалыматты Пландоо, отчеттуулук жана мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Ибраев сунуштады. Отурумдун жыйынтыгында күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.











