Жалал-Абад областынын Чаткал районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудитти жүргүзүлгөн
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, 2025-жылдагы аудитордук иш планга ылайык, Жалал-Абад областынын Чаткал районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудитти жүргүзүлгөн.
Аудитке, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чаткал финансы башкармалыгы, Чаткал райондук өнүктүрүү фонду, Каныш-Кыя жана ТерекСай айыл өкмөттөрү жана айыл өкмөттөрү алдындагы “Каныш-Кыя Тазалык”, “Терек-Сай”муниципалдык ишканалары камтылды.
Шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпы 16864,8 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон каржы бузуулар 14706,0 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 5270,7 миң сом (бюджетке 1837,7 миң сом жана мекемеге 3433,0 миң сом), ордуна коюлбаган калдык сумма 9435,3 миң сомду түздү.
Бузуулардын классификатору боюнча:
- Тиешелүү бюджетке кирешелерди чегерүү/которуу маселелеринде мамлекеттик органдын, өз алдынча башкаруу органдарынын же чарба жүргүзүүчү субьектердин чечимдеринин дал келбестиги 610,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 216,6 миң сом бюджетке ордуна коюлду, ордуна коюлбаган калдык сумма 393,4 миң сомду түздү;
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 11500,6 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 2887,7 миң сом ордуна коюлду, ордуна коюлбаган калдык сумма 8612,9 миң сомду түздү;
- Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 2193,3 миң сом, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш сумма 126,6 миң сомду түзөт, бюджетке толук ордуна коюлду.
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 92,1 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт;
- Отчеттуу жак катары саналган кызматкерлерге берилген каражаттар боюнча карыздын талап кылынбагандыгы 216,7 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 36,8 миң сом бюджетке ордуна коюлду, ордуна коюлбаган калдык сумма 179,9 миң сомду түздү;
- Негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу,негизги каражаттардын жана метериалдык эмес активдердын эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген,эсепке алынбаган мүлктүн болушу 1929,6 миң сом, аудит учурунда толук мекемеге ордуна коюлду;
- Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо) кем чыгуусу 73,4 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 15,2 миң сом бюджетке, 58,2 миң сом мекемеге ордуна коюлду.
- Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар 249,1 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок.
Аудиттин жыйынтыгы менен:
1. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимге, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чаткал финансы башкармалыгынын башчысына, КанышКыя жана Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү.
2. Отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн айылдык Кеңештердин төрагаларына жөнөтүлдү.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча:
- Жерлерди жеке менчикке берүүдө, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесинин 3-пунктунун, 29-беренесинин 1-2-пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү жобонун 1, 2 жана 4-пунктарынын талаптарын бузуу менен эч кандай акы төлөмү жок бекер берилген жер аянттары үчүн бюджеттик жоготууга жол берилен 350,1 миң сомго;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23- сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү жобонун 37-пунктунун талаптарын бузуу менен айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын сатуу үчүн аукцион өткөрүүдөгү 4 объекти боюнча 259,9 миң сомдук бюджеттик жоготууга укуктук баа берүү үчүн, аудиттин материалдары 15.01.2026-жылдагы №01-3/39 каттын негизинде Чаткал райондук прокуратурасына жиберилди. 4. Аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберилди.







