Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2026-жылдын 26-мартындагы отуруму жөнүндө
2026-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралды.
Биринчи маселе катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде (азыркы учурда — Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги), ошондой эле анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына жана ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды. Бул маселе боюнча аудитор Алимжан Байгазаков баяндама жасады.
Экинчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде жана анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет угулду. Бул маселени Кеңеш мүчөлөрүнө аудитор Пардаали Батиров сунуштады.
Ошондой эле отурумдун алкагында бир катар уюштуруучулук маселелер каралды. Атап айтканда, Пландоо, отчеттуулук жана мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмдүн башчысы Айбек Ибраев Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2026-жылга карата аудитордук иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкуулоого сунуштады.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик кызматчыларынын ант берүү аземи өткөрүлдү.
Отурумдун жыйынтыгында каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.














