Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишембиликтердин сезону ачылды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын жана Чүй-Бишкек-Талас аймактык бөлүмүнүн жамааты борбор калаабыздагы Максим Горький атындагы сейил багында масштабдуу ишембилик өткөрүштү. 140 киши катышкан бул иш-чара мекеменин жазгы санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча ишембиликтер сезонунун расмий ачылышы болуп калды.
Кыш мезгилинен кийин шаарды иретке келтирүү максатында өткөрүлгөн бул иш-чара көтөрүңкү маанайда өттү. Эсептөө палатасынын кызматкерлери сейил бактын аймагын өткөн жылдан калган кургак жалбырактардан, шамал учуруп келген жана эс алуучулар калтырып кеткен ар кандай таштандылардан, ошондой эле куураган бутактардан толук тазалап чыгышты. Биргелешкен аракеттин натыйжасында кыска убакыттын ичинде сейил бак тазаланып, жазгы жаңыланууга даяр болду.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Төрагасы Алмазбек Акматов жаратылышка жана шаарга камкордук көрүү ар бир жарандын парзы экенин белгиледи:
"Тазалык – босогодон башталат, ал эми шаарыбыздын тазалыгы – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Бүгүн биз кыштан кийинки калган таштандыларды, ошондой эле айрым эс алуучулар калтырып кеткен таштандыларды тазалап, борборубуздун көркүн ачууга аз да болсо салымыбызды коштук. Бул ишембилик менен биз сезонду ачып гана тим болбостон, башкаларга да үлгү болгубуз келет. Эгерде ар бир жаран өз айланасына камкордук көрсөтсө, биздин Бишкек кайрадан эң таза жана жашыл шаарлардын катарына кошулат. Жаратылышты коргоо – бул биздин келечек муунга калтырган эң баалуу мурасыбыз!"
Эсептөө палатасынын Кесиптик бирлигинин төрагасы Руслан Абдыкалыков жамааттын бирдиктүү эмгегинин маанилүүлүгүнө токтолду:
"Ишембилик – бул жөн гана тазалоо эмес, бул кесиптештердин башын бириктирген, ынтымакты бекемдеген жакшы салт. Биз бүгүн таза абада, жагымдуу маанайда шаарыбыз үчүн пайдалуу иш жасадык. Кышкы уйкудан ойгонгон жаратылышка кам көрүү, айлана-чөйрөнү таштандыдан арылтуу, анын ичинде жоопкерчиликсиз ташталган калдыктарды жыйноо – бул биздин жарандык милдетибиз. Ушундай иш-чаралар аркылуу биз экологиялык маданиятыбызды жогорулатып, сүйүктүү шаарыбызга болгон сүйүүбүздү далилдейбиз!"
Ишембиликтин алкагында бир нече тонна кургак жалбырак жана таштанды, анын ичинде эс алуучулар калтырып кеткен калдыктар чыгарылып, сейил бактын көрүнүшү кыйла иретке келтирилди. Эсептөө палатасынын жамааты шаарыбызды көрктөндүрүүгө багытталган мындай экологиялык акцияларды туруктуу негизде улантууну көздөйт.