Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Нарын областынын  Жумгал районунун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Нарын областынын  Жумгал районунда  2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.                                                                                  

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык каржылык бузуулардын жалпы суммасы 68221,7 миң сомду түзгөн, анын ичинде 51114,4 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 31786,7 миң сом. Анын ичинен:

  • Бюджеттин долбоорун түзүүдөгү жана ал менен бир убакытта түзүлүүчү документтерди түзүүдөгү бузуулар 440,1 мин сом,
  • Бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн камсыздоо жана кайтаруу боюнча көрүлбөгөн чаралар 2182,1 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 317,1 миң сом, калыбына келтирилгени 100,7 миң сом.
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттардын чегерилбеши 1540,7 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 1540,7 миң сом,
  • Бюджеттерге каражаттарды алууда жана бюджеттерден каражаттардын ордун толтурууда укуктук негиздердин дал келбестиги же жоктугу 12345,8 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиш 11047,8 миң сом, калыбына келтирилгени 493,9 миң сом.
  • Бюджеттердин каражаттарын максатсыз пайдалануу 1161,6 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш 1135,4 миң сом, калыбына келтирилгени 20,0 миң сом.
  • Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 5377,3 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 200,0 миң сом;
  • Милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган  чыгымдар) 13673,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 195,2 миң сом, калыбына келтирилгени 27,1 миң сом.
  • Бюджеттик каражаттардын сакталышын жана кайтарылышын камсыз кылбоо 40,0 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, анын ичинде:
  • Мүлктү сактоонун камсыздалбашы 26669,4 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 26659,3 миң сом.
  • Мүлктү пайдалануудагы бузуулар 438,8 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 27,4 миң сом.
  • Бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар 4352,7 мин сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 4258,3 миң сом.

2023-жыл үчүн Чаек айыл өкмөтүнүн жана мурунку Көк-Ой айыл өкмөтүнүн,  2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн “Түгөл-Суу Ынтымагы” муниципалдык ишканасында бухгалтердик иш кагаздары камсыздалбагандыгына байланыштуу Нарын облустук прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн сунушталган.

Аудиттин материалдары Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.