Чүй областынын Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине аудит жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик мекемелеринин бюджеттеринин аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.
2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик мекемелеринин бюджеттеринин аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыгында бардыгы – 35 545,7 миң сомго финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен 14 367,0 миң сом калыбына келтирилүүсү тийиш (аудиттердин жүрүшүндө 7 180,5 миң сом калыбына келтирилген), анын ичинде:
- Бюджеттин ченемдик-укуктук актыларга туура келбеши - 1 391,7 миң сом;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) - 352,0 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш.
- Башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылууга тийиш болгон чыгымдарды төлөө үчүн каражаттарды пайдалануу – 9 556,2 миң сом;
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 5 665,8 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Кызматкерлердин эмгек акы төлөөлөр жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 3 712,0 миң сом;
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар – 6 518,2 миң сом;
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн болушу – 5 811,9 миң сом, (аудиттин жүрүшүндө толугу менен эсепке алынды);
- Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо) кем чыгуусу 183,0 миң сом, (аудиттин жүрүшүндө толугу менен Ишкананын кассасына калыбына келтирилди);
- Мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарын сактабоо – 680,2 миң сом.
- Негизги каражаттарды таануу, эсепке алуу жана аммортизациялоо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу – 1 113,9 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүсү тийиш (аудиттин жүрүшүндө толугу менен эсепке алынды);
- Дебитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар - 101,3 миң сом толугу менен калыбына келтирүүсү тийиш (аудиттердин жүрүшүндө 71,3 миң сом Ишкананын кассасына накталай төгүлдү);
- Кредитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар – 458,5 миң сом толугу менен мекемелердин эсебинде калыбына келтирүүсү тийиш.
Коллегиянын отурумунун чечимине ылайык, “2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик мекемелеринин бюджеттеринин аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктары жөнүндө отчёт” Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясына жиберилген.
Андан тышкары, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Кемин райондук мамлекеттик администрациясына жана Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар жиберилген.
Ошондой эле Кемин районунун жергиликтүү шаардык жана айылдык кеңештерине, Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жиберилди.
Чүй областынын Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктарын, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отурумунда кароону, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюуну, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоону, жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алууну, жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылууну, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине сунушталды.







