Тенгиз Болтурук жарыялаган билдирүүгө карата Эсептөө палатасынын расмий позициясы
Тенгиз Болтурук жарыялаган билдирүүгө карата Эсептөө палатасынын расмий позициясы
Социалдык тармактарда Тенгиз Болтурук тарабынан таратылган билдирүүдө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине карата олуттуу айыптоолор айтылган.
Бул дооматтар далилсиз, негизсиз жана маалыматтык чабуул мүнөзүндө жасалган.
Эгерде айтылган фактылар чын болсо, анда мыйзамдуу түрдө дароо укук коргоо органдарына кайрылуу керек эле. Бирок мындай кадам жасалган эмес. Бир дагы расмий арыз, катталган кайрылуу же процессуалдык аракет жок.
Мындай деңгээлдеги айыптоолор Facebook сыяктуу аянтчалар аркылуу эмес, мыйзамда каралган тартипте каралышы керек. Болбосо, бул билдирүүнүн максаты адилеттик издөө эмес, коомдук пикирди манипуляциялоо жана мамлекеттик органга басым жасоо катары кабыл алса болот.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өз ишин мыйзамдын, эл аралык аудит стандарттарынын жана көз карандысыздык принциптеринин негизинде жүргүзөт.
Аудиттин жыйынтыктарын «жеке өч алуу» катары көрсөтүү — бул мамлекеттик көзөмөл институтун атайылап каралоо, анткени аудит жүргүзүлгөн мезгилде да, андан кийин да Эсептөө палатасына бул боюнча бир дагы арыз түшкөн эмес.
Тенгиз Болтурук өзүн тажрыйбалуу жетекчи катары көргөзгөнүнө карабастан, укуктук механизмдерди колдонбостон, далилсиз коомдук билдирүүлөрдү таратып жатканы — жоопкерчиликтин жана укуктук маданияттын принциптерине туура келбейт.
Учурда "Кумтөр Голд Компани" ЖАКта биздин адистер өткөн жылдар боюнча кезектеги аудитин жүргүзүүдө. Андыктан мындай далилсиз билдирүүлөрдүн аудиттик иш-чаралар менен дал келиши текшерүүнү жүргүзүп жаткан органга моралдык-психологиялык басым көрсөтүү, ошондой эле аудиттин жыйынтыктарын алдын ала шекке салуу аракети катары бааланат.
Эсептөө палатасы кызматкерлердин аброюна шек келтирүүгө жана мамлекеттик аудиттин көз карандысыз ишине кийлигишүүгө жол бербейт.
Такталбаган маалыматтар мындан ары да таратыла берсе, анда биз ишкердик аброюбузду сот тартибинде коргоо укугун колдонууга аргасыз болобуз.
Коомчулукту мындай такталбаган маалымат таратууга ишенбестен, фактыларга, далилдерге жана мыйзамдуу жол-жоболорго таянууга чакырабыз.







