Эсептөө палатасы Борбор Азиянын аудиттин жогорку органдарынын отчеттуулугун камсыз кылуу боюнча долбоорунун расмий ачылышына катышты
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Борбор Азиянын аудиттин жогорку органдарынын отчеттуулугун камсыз кылуу боюнча Демилгенин CASAI (Central Asia Supreme Audit Institutions Accountability Initiative) долбоорунун расмий ачылышына катышты. CASAI – бул 2023–2025-жылдары ийгиликтүү ишке ашырылган GSAI долбоорунун экинчи фазасы болуп саналат.
Долбоордун расмий ачылышы 2026-жылдын 15-апрелинде Тажикстандын Душанбе шаарында өттү. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппаратынын жетекчиси Болотбек Элебесов CASAI долбоорунун ачылыш аземине жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен IDI (INTOSAI Өнүктүрүү демилгеси) ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу иш-чарасына катышты. Болотбек Элебесов долбоордун компоненттеринин ийгиликтүү ишке ашырылышына жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ошондой эле кызыкдар тараптар менен натыйжалуу кызматташууга ишеним артаарын билдирди.
Кол коюлган макулдашуунун алкагында CASAI долбоорунун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын институционалдык потенциалын чыңдоо болуп саналат. Бул аудиттердин сапатын жогорулатуу, стратегиялык башкарууну өркүндөтүү, процесстерди санариптештирүү жана кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү күчтөндүрүү аркылуу мамлекеттик каражаттарды башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга алып келет.
Долбоордун алкагында, потенциалды жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төмөнкү 5 багыты боюнча иштер жүргүзүлөт:
- Аудиттин сапатын жана камтуусун жогорулатуу;
- Стратегиялык башкарууну жана институционалдык туруктуулукту күчөтүү;
- Аудитордук ишмердүүлүктү санариптештирүү;
- Көз карандысыздыкты жана институционалдык чөйрөнү бекемдөө;
- Кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.
Иш-чаранын алкагында аудиттин жогорку органдарынын көз карандысыздыгы боюнча семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө Казакстандын, Кытайдын, Польшанын жана Грузиянын аудиттин жогорку органдарынын өкүлдөрү өздөрүнүн көз карандысыздыкты камсыз кылуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.







