Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Эсептөө палатасынын жамааты балдарды эл аралык майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамааты салтка айланган кайрымдуулук иш-чараларынын алкагында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өзгөчө камкордукка жана колдоого муктаж балдардан кабар алышты.

​Майрамга карата Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы "Акниет" оор кырдаалдагы балдар борборунун тарбиялануучулары менен жолугушту. Мекеме кызматкерлери өз каражаттарынын эсебинен борбордун учурдагы муктаждыктарына ылайык зарыл болгон уюштуруу техника тапшырышты. Мындан тышкары, балдар үчүн майрамдык дасторкон уюштурулуп, салтанаттуу музыкалык программанын коштоосунда атайын белектер берилди.

​Ушундай эле куттуктоо иш-чарасы Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн жамааты тарабынан да уюштурулду. Аймактык бөлүмдүн кызматкерлери Ысык-Ата районундагы “Красноречка” атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебине барып, андагы тарбияланып жаткан окуучуларга биринчи кезекте керектелүүчү азык-түлүктөрдү жана майрамдык белектерди жеткирип беришти.

​Жолугушуулардын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын өкүлдөрү балдарга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү иштери мындан ары да туруктуу негизде улантыла тургандыгын белгилешти. Ошондой эле тагдырдын сыноосуна кабылган балдарды тарбиялоого жана алардын келечегине кам көрүүгө өмүрүн арнаган мугалимдердин, тарбиячылардын жана социалдык кызматкерлердин эмгегине терең ыраазычылык билдиришти.

​Өз кезегинде балдар мекемелеринин жетекчилиги көрсөтүлгөн туруктуу жардам, көңүл буруу жана материалдык-техникалык колдоо үчүн Эсептөө палатасынын жалпы жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.