Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү
Жакында КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик органдардагы бюджеттин аткарылышы, улуттук долбоорлорго бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуулугу жана эл аралык долбоорлордун каржыланышы боюнча маанилүү аудиттик отчеттор каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Отурум жаңы дайындалган мамлекеттик кызматчысынын ант берүүсү менен башталды.
Андан соң Кеңештин мүчөлөрү экология жана жаратылыш ресурстары чөйрөсүндөгү маанилүү аудиттик отчетту карашты. Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде, анын ведомстволук мекемелеринде жана карамагындагы мамлекеттик ишканаларда 2024-жылга карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитинин жыйынтыгын сунуштады. Муну менен катар, аталган министрликке караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын «Көмөкчү чарба» филиалынын 2024-2025-жылдардагы ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлгөнү маалымдалды.
Ошондой эле, КР Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы №5 «Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы талкууланды. Аудитор Алимжан Байгазаков Министрлер Кабинетинин тескемеси менен «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына бөлүнгөн 1 миллиард сом финансылык каражаттын 2024-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 1-мартына чейинки мезгил аралыгында максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын ортого салды.
Отурумда Эсептөө палатасынын аудитору Зарылбек Сатаев КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы жер көчкүлөрдүн тобокелдиктерин башкаруу» долбоорунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн финансылык аудиттин отчету менен тааныштырды.
Күн тартибинин соңунда Пландоо, отчеттуулук жана мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Ибраевдин сунушу менен Эсептөө палатасынын 2026-жылга карата Аудитордук иш планына актуалдуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Каралган бардык маселелер боюнча Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мамлекеттик каражаттардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштамалар жана эскертүүлөр жөнөтүлдү.







