Укук коргоо органдары менен кызматташуу
Эсептөө палатасы укук коргоо органдарына 5,6 миллиард сомдук 116 материал өткөрүп, 14 кылмыш иши козголду
Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңешке сунуштаган расмий отчетуна ылайык, ал отчеттук жыл ичинде коррупциялык элементтерди камтыган жана мыйзам бузуулар олуттуу болгон 5,6 млрд сом суммасындагы 116 аудитордук материалды укук коргоо органдарына өткөрүп берген.
Материалдар органдар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
Прокуратура органдарына: 3,4 млрд сомдук 57 материал;
Улуттук коопсуздук (УКМК) органдарына: 2,2 млрд сомдук 54 материал;
Ички иштер (ИИМ) органдарына: 16,5 миң сомдук 5 материал.
Бул документтерди кароонун жыйынтыгында укук коргоо органдары тарабынан 14 жазык иши козголгон. Учурда алардын ичинен 4 жазык иши сотко жөнөтүлсө, 3 иш токтотулган, 2 иш убактылуу токтотулуп турат, ал эми 5 кылмыш иши боюнча тергөө иштери кызуу жүрүүдө. Мындан сырткары, 23 материал боюнча прокурордук көңүл буруу актылары чыгарылып, дагы 14 кызматкер тартиптик жазага тартылган. Козголгон иштердин жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 31-декабрына карата 32,1 млн сом мамлекетке толугу менен кайтарылган.







