Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы каралды
КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отурумунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде, анын ведомстволук мекемелеринде жана «Кыргызгеология» МИнин «Көмөкчү чарба» филиалында 2024-жылдан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге карата жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы тууралуу отчет каралды. Текшерүүдө эсеп-кысап жана бюджеттик тартипти сактоо, ошондой эле мамлекеттик мүлктү пайдалануу багыттарындагы каржылык кемчиликтер такталды.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча эсеп жана отчеттуулук тартибинде, анын ичинде негизги каражаттарды, мүлктөрдү жана кызмат акыларды эсептөөдө бир катар бузуулар аныкталды. Алсак, жалпы суммасы 939,2 миң сомдук товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу такталса, анын негизги бөлүгү (873,6 миң сому) «Көмөкчү чарба» филиалына таандык экени белгиленди. Мындан сырткары, аталган филиалда эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуу боюнча дагы 9 423,5 миң сомдук, ал эми мүлктү пайдалануу, биоактивдерди кириштөө жана унааларды сатуу жол-жоболорун бузуу боюнча 7 027,1 миң сомдук маселелер такталды. Ошондой эле «Кыргызгеология» МИ боюнча кен үчүн 3 425,5 миң сомдук бонус кошумча эсептелип, эмгек акы төлөөгө байланыштуу 7 251,9 миң сомдук бузуулар катталган.
Текшерүүдө мамлекеттик каражаттарды натыйжасыз жумшоо жана төлөмдөрдү өз убагында өндүрбөө фактылары да ачыкталды. Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн эсептелген төлөмдөрдү өндүрүү боюнча натыйжалуу иш-аракеттердин жоктугунан, чарба субъекттеринин карызы Министрликтин борбордук аппаратында 46 699,0 миң сомду, ал эми Чүй регионалдык башкармалыгында 14 064,0 миң сомду түзгөн. Ошондой эле Балыкчы шаарындагы экологиялык постту жана кирүү аркасын оңдоодо жол-жоболук кемчиликтер катталып, жумуштар толук бүтө электе келишим шарттарын бузуу менен 5 287,9 миң сомдук каражаттын 90 пайызы алдын ала которулуп кеткендиги аныкталды.
Аудиттин алкагында Министрликке караштуу «Озон борбору» мекемесинин ишмердүүлүгүндө да жол-жоболук бузуулар катталган. Мекемеде эмгек келишимдери түзүлбөстөн жана жумуш убактысы эсепке алынбастан 10 667,0 миң сомдук эмгек акы төлөнүп, долбоорлордун ортосунда бири-бирине убактылуу зайымга берилген каражаттардын суммасы 6 453,2 миң сомду түзгөн. Мындан сырткары, 2024-жылы тийиштүү сатып алуулар жол-жобосун өткөрбөстөн, түз эле 7 591,9 миң сомдук товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сатылып алынгандыгы аныкталды.
Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан каралган бул маселе боюнча атайын токтом кабыл алынып, аныкталган каржылык кемчиликтерди четтетүү жана мамлекеттик каражаттардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине расмий сунуштамалар жөнөтүлдү.







