Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгын чыңдоо жана мыйзамдарды өркүндөтүү багытында жолугушуу өттү

2026-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев менен Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун жана ИНТОСАИнин өнүктүрүү демилгесинин (IDI) менеджери Назгүл Албанованын ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамды андан ары өркүндөтүү, анын айрым жоболорун аудиттин жогорку органдарынын эл аралык стандарттарына (ISSAI) шайкеш келтирүү, ошондой эле аудиттин жогорку органынын институционалдык көз карандысыздыгын арттыруу маселелерин талкуулашты.

Эсептөө палатасынын төрагасы катышуучуларга IDIнин колдоосу менен аудиттин жогорку органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо (SAI PMF) методологиясы боюнча жүрүп жаткан талдоо иштери тууралуу маалымат берди, анын жыйынтыгы 2026-жылдын күз айларында жарыяланмакчы. Өз кезегинде IDI өкүлү Борбор Азия аймагындагы аудиттин жогорку органдарынын отчеттуулук демилгеси (CASAI) долбоорунун аткарылышы жана Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгын талдоого жана чыңдоого багытталган алдыдагы иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун катышуучулары Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгын сактоо бул натыйжалуу мамлекеттик аудиттин башкы шарты экенин баса белгилешти. Ошондой эле бюджеттик каражаттардын максаттуу жумшалышын көзөмөлдөөдө Парламент менен Эсептөө палатасынын ортосундагы кызматташтыкты андан ары чыңдоо зарылдыгына токтолушту.

Мындан сырткары, тараптар Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүндө Жогорку Кеңештин ролу чоң экенин белгилешти. Бул аталган органдын көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган бир катар маселелердин мыйзамдык деңгээлде жөнгө салынышынан жана парламенттик колдоодон түздөн-түз көз каранды экендиги менен түшүндүрүлөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында конструктивдүү диалогду улантуу, мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана Эсептөө палатасынын дараметин (потенциалын) жана көз карандысыздыгын арттырууга багытталган демилгелерди колдоо тууралуу макулдашууга жетишилди.