Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди улустун улуу күнү – Нооруз майрамы менен куттуктайм!
Эзелтен ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү күндү өзгөчө белгилеп жаркын маанай менен тосуп, жаңы жыл катары кабыл алып келген. Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды байытып, улантуубуз абзел.
Эң негизгиси касиеттүү жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болсун, “Жакшы тилек - жарым ырыс” дегендей, ар бирибиздин жүрѳгүбүздѳ ыйман, жүзүбүздѳн жылмаюу кетпесин. Элибизде токчулук, молчулук болуп, үй-бүлѳбүздө бакыт-таалай, иштерибизди ийгиликтер коштосун!
Урматтуу мекендештер, дагы бир ирет Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Кыргызстаныбыз мындан ары да гүлдөп-өсүшүн каалайм!
Урматоо менен,
Эсептөө палатасынын төрагасы
Алмазбек Акматов