“Ачык” тандоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
Этаптар |
Мөөнөтү |
Өткөрүү орду |
Ким өткөрөт |
Эскертүү |
Талапкерлерден документтерди кабыл алуу
Аткаруучу: адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүм |
10 календардык күн |
Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 131 |
КР Эсептөө палатасынын тандоо комиссиясы |
Талапкерлер, тандоо өткөрүү жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн арызын жана документтерди белгиленген тартипте толуктап папкага (скоросшиватель) тиркеп, фамилия, аты-жөнүн көрсөтүп тапшырат |
Берилген документтерди кароо жана талапкердин бош кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келиши же ылайык келбеши
Аткаруучу: Комиссия
|
документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде |
Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 131
|
КР Эсептөө палатасынын тандоо комиссиясы |
Талапкердин тиешелүү кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүү үчүн жиберилет
|
Талапкерлердин компьютердик тестирлөөдөн өтүүсү
|
Тестирлөөдөн өтүү убактысы: 1 саат 40 мин.
|
Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 131
|
КР МКК Тестирлөө борбору
|
Талапкерлерди компьютердик тестирлөө Эсептөө палатасынын ишинин тиешелүү багыттарын регламенттеген мыйзамдарды билүүсү үчүн жүргүзүлөт. Тест 100 суроодон турат. Тестирлөөнүн жыйынтыктары протокол менен таризделет... |
Талапкерлер менен аңгемелешүү
Аткаруучу: Комиссия |
Комиссия белгилеген график боюнча
Өтүү убактысы: бир талапкер менен 10-15 мин.
|
Бишкек ш., Исанов көч. 131 |
КР Эсептөө палатасынын тандоо комиссиясы
|
Мыйзамдарды билүүсүнө компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө жалпы санынан 50 пайыздан кем эмес балл алган талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет
|
Кадрлардын Ички жана улуттук резервинде турган адамдар арасында (ИК)
КОНКУРС ӨТКӨРҮҮ БАСКЫЧТАРЫ ЖАНА МӨӨНӨТҮ
ИКнын баскычтары |
ИКны өткөрүү мөөнөтү |
Өткөрүү орду |
Ким өткөрөт |
Эскертүү |
I. Мамлекеттик кызматка карата белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык, конкурстун катышуучуларынын документтерин кароо
|
Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин, 3 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен |
Бишкек ш., Исанов көч. 131 |
КР Эсептөө палатасынын конкурстук комиссиясы
|
Конкурстун I жана IV этаптарынын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар esep.kg сайтына жайгаштырылат
|
II. Конкурстун катышуучулары үчүн предметтик мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөө
|
Тестирлөө графигине ылайык, mkk.gov.kg жана esep.kg сайттарында жайгаштырылат
|
Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 131
|
КР Эсептөө палатасынын конкурстук комиссиясы |
|
III. Конкурстун катышуучуларын полиграфта тестирлөө
|
Тестирлөө графигине ылайык, талапкерлерге билдирүү жөнөтүлөт (КР ЭП АРББ тарабынан)
|
Бишкек шаары. |
КР МКК тестирлөө борбору |
Кызмат тизмесине ылайык, мамлекеттик кызматка талапкерлигин койгон талапкерлер полиграфта тестирлөөдөн өтүүгө жөнөтүлөт
|
IV. Аңгемелешүү
|
КР Эсептөө палатасынын конкурстук комиссиясынын графигине ылайык, esep.kg сайтында жайгаштырылат
|
Бишкек ш., Исанов көч. 131
|
КР Эсептөө палатасынын конкурстук комиссиясы |
Предметтик мыйзамды билүүгө КТ боюнча эң көп упай топтогон бир талапкер аңгемелешүү баскычына киргизилет. Эгерде талапкерлер бирдей упай алышса, анда алардын ортосунда КТ боюнча эң көп упай топтогон талапкер аныкталганга чейин, предметтик мыйзамдарды билүүгө кайрадан КТ жүргүзүлөт.
|
Ички конкурсту өткөрүү убактысы, документтерди кабыл алууну аяктаган күндөн тартып, 25 күнүнөн ашырылбашы керек. Администрациялык бош кызмат орундарына конкурсту өткөрүүдө, мамлекеттик сырга уруксат алуу үчүн текшерүү иш-чараларын өткөрүүнү талап кылган, ачык конкурсту өткөрүү убактысы 50 жумушчу күндү түзөт.
01.06.2020-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.03.2020-жылдагы № 157 токтомуна ылайык күчүнө кирет.
Ачык конкурстун узактыгы документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 30 жумушчу күндөн ашпашы керек. Бош турган административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүлгөндө, мамлекеттик сырга уруксат алуу үчүн текшерүү чаралары талап кылынат, ачык конкурстун узактыгы 60 жумушчу күндү түзөт.