Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүн текшерүүдө 2 млрд сомдон ашык суммадагы каржы бузууларды аныктады

КР Президентинин тапшырмасы менен Эсептөө палатасы 2013-2022-жылдар аралыгында Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүнө тематикалык аудит жүргүздү. Аудит санаторийлердин, пансионаттардын жана башка кыймылсыз мүлктөрдүн сатылышы жана менчиктештирилиши боюнча маселелерди, ошондой эле ижара мамилелерин жана баштапкы профсоюздук уюмдардан жогорку профсоюз органдарына мүчөлүк төгүмдөрдөн түшкөн каражаттардын колдонулушун камтыды. Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы 2 млрд 58 млн 585,2 миң сом жана 25,6 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү каржы бузуулар аныкталды.

КР «Профсоюздар жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине ылайык, кесиптик бирликтер өз мүлкү жана каражаттары менен уставдык ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн гана пайдалана алышат. Бул мыйзамдын негизги талабы - профсоюздардын мүлкү менчиктештирүүгө жатпайт, анткени профсоюз ресурстары - бул эмгекчилердин кесиптик кызыкчылыктарын коргоо аркылуу жалпы элдин байлыгы. Бирок, мыйзамда белгиленген чектөөлөргө карабастан, Профсоюздар федерациясына таандык болгон 86,58 гектар жер тилкелери сатылып кеткен.

Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу КР Башкы прокуратурасы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сатылган жерлерди кайра Профсоюздар федерациясынын карамагына кайтаруу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө. Мурдагы жетекчилер тарабынан жеке колдорго мыйзамсыз өткөрүлүп берилген бардык ресурстар эмегкчилерге кайтарылышы керек.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет Эсептөө палатасынын Кеңешинде угулуп, кабыл алынды. Жыйынтыктар КР Президентине, Башкы прокуратурасына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Кыргызстандын профсоюздар федерациясына жөнөтүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнү Чаткал районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы, ал эми административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөн аймактарда 2024-жылдын 1-апрелине карата бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Чаткал районуна жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпысынан 12373,5 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды.

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • Курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 9220,1 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
  • Кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 522,3 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт;
  • Товардык-материалдык балуулуктар жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 174,4 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт;
  • Бюджетке төлөмдөрдүн эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү 2179,2 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
  • Бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча мыйзамдын негизги талаптарын бузуу 149,4 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
  • Эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар 128,1 миң сом, толугу менен ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок.

Аудиттин жыйынтыгы менен:

 - тиешелүү чараларды көрүү үчүн Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чаткал финансы башкармалыгынын башчысына, КанышКыя жана Терек-Сай айыл өкмөттөрдүн башчыларына жазма буйрук жиберилди;

- жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн отчеттун, жазмабуйруктун көчүрмөлөрү Каныш-Кыя жана Терек-Сай айылдык Кеңештердин төрагаларына жиберилди.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.