Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдүн жетекчиси:
1) аймактык бөлүмдүн ишине жетекчилик кылат жана анын ишин уюштурат;
2) аймактык бөлүмдүн иш планын иштеп чыгат жана Эсептөө палатасынын Кеңешине бекитүүгө берет;
3) аймактык бөлүмдүн отурумун алып барат жана анын чечимине кол коет;
4) аймактык бөлүмдүн кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана буюртмаларды өз компетенциясынын чегинде чыгарат;
5) аймактык бөлмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн аудит отчётторуна кол коет;
6) аудитти жүргүзүү мөөнөтүн 21 күндөн ашпаган убакытка узартат. Андан кийинки узартуу Эсептөө палатасынын төрагасынын макулдугу менен жүргүзүлөт;
7) аймактык бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлоо боюнча сунуштарды киргизет;
8) бюджеттик укукту жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;
9) аймактык бөлүмдүн тейлөөчү персоналын жумушка кабыл алат жана бошотот;
10) аймактык бөлүмдүн кызматкерлерине карата тартип өндүрүшүн козгойт.
Аймактык бөлүмдүн жетекчиси төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) аймактык бөлүмдүн ишине жетекчилик кылууга жана анын ишин уюштурууга жана контролдоого;
2) аймактык бөлүмдүн отурумдарына жетекчилик кылууга жана уюштурууга;
3) Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдүн компетенциясынын чегинде, аудит жөнүндө отчётторду жана башка отчётторду Эсептөө палатасынын борбордук аппаратына берүүгө;
4) Эсептөө палатасынын төрагасына аймактык бөлүмдүн иши жөнүндө маалымат берүүгө;
5) Эсептөө палатасынын Кеңеш отурумуна Эсептөө палатасынын төрагасы менен макулдашып, айрым аудиттер боюнча отчёттордун долбоорлорун алып чыгууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, укуктук-ченемдик актыларын жана ушул Мыйзамдын ченемдерин сактоого.