Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчеттун канааттандырарлык деп тапты

Бүгүн, 13-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши пленардык отурумунда 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчетту канааттандырарлык деп табылды.  

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы  Улукбек Марипов, баяндама жасап жатып, өткөн жылдагы аудитордук иштин негизги жыйынтыктары, коррупцияга каршы саясат, мамлекеттик аудиттин тутумун жакшыртуу боюнча иш-чаралар  жөнүндө айтып өттү.

Ал, 2017-жылы 2 673 аудит объектисине аудит жүргүзүлгөндүгүн маалымдады.  Аудитордук иштин жыйнтыктары боюнча  2 млрд 153,7 млн сомго каржы бузуулары,  резервдер жана бюджеттин жоготуулары  – 9 млрд 471,8 сом жана  рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 351,0 млн. сом аныкталган.  

Аныкталган каржы бузууларынын, резервдердин жана бюджеттин жоготууларынын, рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын жалпы суммасынан бардыгы болуп,  2 млрд 594,1 сом калыбына келтирилген.  01.04.2018-жылдагы абал боюнча 2 млрд 11,9 млн сом калыбына келтирилген, калыбына келтирүү коэффициенти 80%га жакынды түзгөн.

Улукбек Марипов өз сөзүндө, жылдан жылга кайталанган тигил же бул бузууларды көрсөтүү менен,  аларды кыскартуу боюнча аудит объектилерине Эсептөө палатасынын жазма буйруктарынын жөнөтүлгөндүгүнө карабастан, ар бир мамлекеттик органдар үчүн мүнөздүү бузуулардын болгондугун баса белгиледи. “Алсак, алардын бири болуп, эмгек акыларды төлөөдөгү бузуулар эсептелет, алар өзүнө ашыкча жана негизсиз төлөөлөрдү гана камтыбастан, эмгек акыларды төлөөнүн колдонуудагы тутумундагы тиешелүү мыйзам ченемдерин бузуу фактыларын да камтыйт.  Отчеттук жылы мындай түрдөгү бузуулар    617,5 млн. сомго аныкталган. Абдан ири суммалар төмөндөгүлөрдү аныкталган: билим берүү тутумунда – 132,6 млн. сом, Мамлекеттик каттоо кызматында – 26,2 млн. сом жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда  – 14,5 млн. сом. Салык жана бажы жаатындагы бузуулар  экинчи орунда турат, ал  321,3 млн сомду түзгөн, үчүнчү орунда – капиталдык салымдардын каражаттарынын өздөштүрүлүшү, негизинен, жол-транспорт тутумундагы аткарылбаган курулуш-куроо иштерине төлөө же алардын наркын ашыруу фактылары  

226,3 млн. сом.

Төрага ошондой эле укук коргоо органдары менен Эсептөө палатасынын өз ара аракеттенишүүсү  маселесине да токтолду. Аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузуулар боюнча укук коргоо органдарынын тиешелүү кароосуна 593,8 млн сомго 51 материал жөнөтүлгөндүгү, анын ичинен, 23 материал боюнча жазык иши козголгондугун, 13 материал боюнча тиешелүү иштер жүрүп жаткандыгын, 15 материал  боюнча  жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын  айтты.    

Ошондой эле, отчёттук мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынан аудит дайындоо жөнүндө 80 токтом келип түшкөн. Анын ичинен, 11 токтом боюнча тиешелүү аудитордук иш-чаралар жүргүзүлгөн, калган 69 токтом боюнча Эсептөө палатасы тарабынан аудит жүргүзүүдөн баш тартылган.

Төрага сөзүн аяктап жатып, 2017-жылы Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  жана башка ченемдик-укуктук актылар менен ага жүктөлгөн милдеттер жана максаттарды ишке ашыруу камсыздалгандыгын,  мекеме өз ишин жакшыртуу, аудитти жүргүзүүнүн алдыңкы практикаларын жайылтып жаткандыгы  жана адам ресурстарын өнүктүрүү  боюнча ишти улантып жаткандыгын билдирди.  “Биз, институционалдык өнүгүүгө, финансылык тартипти чыңдоо жана мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкаруу бөлүгүндө жүргүзүлгөн реформаларды улантууга багыт алганбыз” – деп, сөзүн жыйынтыктады.