Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Жаңылыктар

Кыргызстан менен Казакстандын жогорку аудит органдары Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

28.09.26

 

2026-жылдын 16-сентябрында Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку аудитордук палатасынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Эскерте кетсек, 2008-жылы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Казакстан Республикасынын республикалык бюджеттин аткарылышын контролдук кылуу боюнча Эсеп комитети ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Меморандумга кол коюу көп жылдык кызматташтыктын мыйзам ченемдүү уландысы жана жаңы баскычтын башаты болуп саналат.

Кол коюу аземинде тараптар келечекте эки тараптуу ошондой эле башка эл аралык бирикмелердин алкагында да натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Кол коюу КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун «Келечектин мамлекеттик аудити: инновациялар, санариптик трансформация жана туруктуу өнүктүрүү» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышуу үчүн Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Эл аралык конференция Казакстан Республикасынын Жогорку аудитордук палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо иш-чараларынын алкагында уюштурулду.

Социалдык контракт программасынын натыйжалуулук аудитинин жыйынтыгы чыкты

28.09.26

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүгө багытталган «Социалдык контракт» программасына жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялады.

​Аудит көрсөткөндөй, программа жарандардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууда, өз алдынча иш менен камсыз болуусунда жана жаңы жумуш орундарын түзүүдө оң натыйжаларды берүүдө. Жардам алгандардын басымдуу бөлүгү бөлүнгөн каражатты мал чарбачылыгы, тигүүчүлүк жана чакан ишкердик сыяктуу киреше алып келүүчү багыттарга туура пайдаланышкан.

​Ошол эле учурда, аудиторлор программа азырынча катышуучулардын жакырчылыктан толук жана туруктуу чыгуусун камсыздай электигин белгилешет. Талдоого ылайык, жарандардын кирешеси мурдагыга караганда өскөнү менен, алардын басымдуу бөлүгүнүн орточо кирешеси дагы эле жашоо минимумунун деңгээлине жете элек.

​Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар системалык көйгөйлөр жана бюджеттик каражаттарды негизсиз төлөө фактылары аныкталды. Алсак, электрондук маалыматтык системалардын жетишсиз интеграциясы, катышуучуларды тандоодогу мүчүлүштүктөр, бизнес-пландардын үстүртөн түзүлүшү жана кирешелердин өсүшүнө эмес, жөн гана мүлктүн сакталышына багытталган үстүртөн мониторинг терс таасирин тийгизүүдө.

​Эсептөө палатасы программанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик органдарга санариптештирүү процессин тездетүү, бизнес-пландаштыруу менен окутууну күчөтүү жана негизги көңүлдү каражат бөлүүгө гана бурбастан, ишкердиктин туруктуулугун камсыз кылууга сунуштады.

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму өттү

24.09.26

2026-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чара мамлекеттик кызматка жаңыдан кабыл алынган кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи менен башталды.

​Отурумда өлкөнүн социалдык-экономикалык тармагын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маанилүү отчет каралды. Атап айтканда, 2023–2024-жылдар аралыгында социалдык контракттын негизинде көрсөтүлгөн жардамдын натыйжалуулук аудити боюнча отчет сунушталды.

​Муну менен катар, Кеңештин мүчөлөрү Транспорт жана коммуникациялар министрлигине мурда жөнөтүлгөн жазма буйруктун айрым пункттарын жокко чыгаруу маселесин, Эсептөө палатасынын 2026-жылга карата Аудитордук иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана ведомствонун 2023–2025-жылдарга карата финансылык отчеттуулугуна жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин жыйынтыктарын карап чыгышты.

ТАЗАЛЫК ӨЗҮБҮЗДӨН БАШТАЛАТ! Эсептөө палатасынын Байтиктеги ишембилигинен бир чырк этме

21.09.26

КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери айлана-чөйрөнү коргоо жана аймактарды көрктөндүрүү боюнча салттуу ишембилик акциясынын алкагында Байтик айылында тазалоо иштерин өткөрүштү.

​Айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо жана экологиялык маданиятын калыптандыруу максатында уюштурулган бул иш-чарада жамаат белгиленген аймакты таштандылардан арылтып, иретке келтирди. Мурунку жылдардагы өткөрүлгөн ишембиликтерге салыштырмалуу, бул жолу бөлүнүп берилген жолдун тилкеси бир кыйла таза экендиги байкалды.

​Иш-чаранын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков жергиликтүү тургундардын жана жол жүргүнчүлөрүнүн экологиялык жоопкерчилиги өсүп жатканын баса белгиледи:
​«Мурунку өткөрүлгөн ишембиликтердин жыйынтыгы менен салыштырганда, биз тазалап жүргөн жол тилкеси бир кыйла таза болуп калганын көрүүгө болот. Бул кубанычтуу көрүнүш жарандарыбыздын айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, жаратылышты булгабоого болгон аң-сезими жана жоопкерчилиги кыйла жогорулаганынан кабар берет. Тазалыкты сактоо — ар бир жарандын милдети», — деп билдирди аудитор.

​Эсептөө палатасынын жамааты жаратылышты коргоо, тазалыкты сактоо жана коомдук аймактарды иретке келтирүүгө багытталган мындай экологиялык демилгелерди мындан ары да үзгүлтүксүз уланта бермекчи.