- Подробности
- Просмотров: 1824
Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюму (ИНТОСАИ/INTOSAI) —
БУУ өлкөлөрүндөгү аудиттин жогорку органдарын бириктирген эл аралык уюм. 1953-жылы негизделген. Анын мүчөлөрү 192 аудиттин улуттук жогорку органдарынан турат.
ИНТОСАИнин негизги уюмдары болуп, төмөндөгүлөр эсептелет:
- ИНТОСАИнин эл аралык конгресси.
ИНТОСАИнин жогорку органы болуп, ИНТОСАИнин конгресси эсептелет. Жылына 3 жолу чогулат.
- ИНТОСАИнин Аткаруу комитети
- ИНТОСАИнин Башкы катчылыгы.
Регионалдык жумушчу топтору:
- Латын Америкасынын жана Кариб регионунун аудиттин жогорку органдарынын уюмдары (OLACEFS), 1965-жылы түзүлгөн;
- Аудиттин жогорку органдарынын африкалык уюму(AFROSAI), 1976-жылы түзүлгөн;
- Аудиттин жогорку органдарынын араб уюму(ARABOSAI), 1976-жылы түзүлгөн;
- Аудиттин жогорку органдарынын азиялык уюму(ASOSAI), 1978-жылы түзүлгөн;
- Тынч океан регионунун аудиттин жогорку органдарынын ассоциациясы(SPASAI), 1978-жылы түзүлгөн;
- Кариб регионунун аудиттин жогорку органдарынын уюму (CAROSAI), 1988-жылы түзүлгөн;
- Аудиттин жогорку органдарынын европалык уюму (EUROSAI), 1990-жылы түзүлгөн.
ИНТОСАИнин стратегиялык максаты:
1-максат – кесиптик стандарттарды өнүктүрүү .
a) Кесиптик стандарттар боюнча комитет
Субкомитеттер:
- Финансылык аудит жана отчеттуулук боюнча;
- Шайкештик аудити боюнча;
- Натыйжалуулук аудити боюнча;
- Ички контролдоо стандарттары боюнча.
2-максат – потенциалды күчөтүү
a) Потенциалды күчөтүү боюнча комитет
Субкомитеттер:
- Биргелешкен аудит боюнча;
- Абал боюнча бирдей текшерүү боюнча.
Максаттуу топтор:
- ИНТОСАИнин аудиторлорун кесипкөйлөштүрүү;;
Долбоордук топтор:
- SAINT (АЖОнун ак ниеттүүүлүгүн өз алдынча баалоо аспабы)
- АЖОнун ишин баалоо тутумунун стратегиясы(SAI PMF)
- Туруксуз кырдаалдагы АЖО
- Потенциалды күчөтүү боюнча комитеттин жетекчилиги
- Потенциалды күчөтүү боюнча регионалдык форум
3- максат – Билим жана маалыматтык кызматтарды алмашуу
a) Билим алмашуу боюнча комитет
Төмөндөгүлөр боюнча жумушчу топ:
- Маалыматтык технология чөйрөсүндөгү аудит;
- Экологиялык аудит;
- Коррупция менен күрөшүү жана акчалардын изин жашыруу;
- Негизги улуттук көрсөткүчтөр;
- Баалуулук жана ФКЖО пайдасына;
- Финансылык модернизациялоо, финансылык рынокту жана уюмдарды реформалоо боюнча;
- Кен казуу өнөр жай ишканаларына аудит;
- Программаларды баалоо;
- Көп маалыматтар.
4-максат – эл аралык уюм катары ИНТОСАИнин баалуулугун максималдаштыруу
a) Координациялык комитет
- ИНТОСАИ жана донорлор менен кызматташуу.
2017-2022-жылдарга ИНТОСАИнин стратегиялык планы
Стратегиялык план негизги максаттарды жана келечекте ИНТОСАИнин күчү менен колдонмо үчүн, бир нече негизги баалуулуктарды камтыйт. ИНТОСАИ 1953-жылы түзүлгөндөн баштап, бир кыйла ийгиликтерге жетишкендигин таануу жана келечекте жаңы милдеттерди чечүү үчүн уюмду позициялоо менен, стратегиялык план ошол өткөн ийгиликтерге таянууга багытталган.