Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Евразиялык экономикалык бирликтин мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын кызматташуусу

Учурда, Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) тилкеси боюнча Эсептөө палатасынын активдүү кызматташуусу жүрүүдө.  Бирликтин мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдары Армения, Белоруссия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы  жана Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тыштан алынып келингендерге бажы алымдарынын (эквиваленттик таасирге ээ жыйымдар жана салыктар, жана башка алымдар) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды мүчө-өлкөлөрдүн бюджеттеринин кирешесине чегерүү тартиби жөнүндө Протоколдун сакталышына биргелешкен текшерүүнү жыл сайын уюштурушат.

Биргелешкен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Армения Республикасынын Аудитордук палатасынын, Белоруссия Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин, Казакстан Республикасынын Республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча эсептөө комитетинин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын коллегияларынын (кеңештердин, ыйгарым укуктуу адамдардын)  биргелешкен отуруму жыл сайын өтөт.

Коллегиялардын биргелешкен отурумунда, биргелешкен иш-чаралардын жыйынтыктары жөнүндө отчеттор кабыл алынат жана Евразиялык экономикалык бирликке жөнөтүлөт.

Ошондой эле, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдары, Евразиялык экономикалык бирликтин 2015-жылдын 16-октябрындагы №33 чечими менен бекитилген, колдонуудагы “Евразиялык экономикалык бирликтин органдарында тышкы аудитти (контролдоону) жүргүзүү жөнүндө” Жобонун негизинде  ЕАЭБ органдарында жыл сайын тышкы аудит жүргүзүлөт.

Бул Жобо Бирликтин органдарында тышкы аудитти (контролдоону) жөнгө салуунун укуктук, уюштуруучулук жана методологиялык негиздерин аныктайт.

Бирликтин бюджетинин каражаттарынын түзүлүшүнүн, тескелишинин жана башкарылышынын натыйжалуулугун, Бирликтин мүлкүнүн жана башка активдеринин натыйжалуу пайдаланылышын аныктоо максатында жүргүзүлөт. 

Тышкы аудиттин (контролдоонун) милдеттери болуп, төмөндөгүлөр эсептелет:

а) тышкы аудит объектилери тарабынан сакталышын текшерүү, анын ичинен, Бирликтин бюджетинин каражаттарынын түзүүдө, тескөөдө жана башкарууда, Бирликтин укугуна кирген актылардын, Бирликтин мүлкүнүн жана башка активдеринин,    Бирликтин мүчө өлкөлөрүнүн ченемдик-укуктук актыларынын;

б) Бирликтин бюджетин түзүү тартибинин сакталышын текшерүү;

в) Бирликтин бюджетинин түзүлүшүнүн натыйжалуулугун баалоо;

г) Бирликтин бюджетинин аткаруу тартибинин сакталышын текшерүү;

д) Бирликтин бюджетинин тескелишинин жана башкарылышынын натыйжалуулугун баалоо

е) Бирликтин бюджетинин каражаттарынын максаттуу мүнөзүн жана даректүүлүгүн, Бирликтин мүлкүн жана башка активдерин текшерүү, алардын натыйжалуу пайдаланылышын баалоо;

ж) Бирликтин бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту даярдоо тартибинин сакталышын текшерүү;

з) Бирликтин бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттун, Бирликтин бюджетинин каражаттарын бөлүштүрүүчүлөрүнүн (алуучуларынын) бюджеттик отчётунун аныктыгын текшерүү;

и) тышкы аудиттин (контролдоонун) жүрүшүндө, Бирликтин бюджети түзүү, тескөө жана башкаруу, Бирликтин мүлкүн жана башка активдерин пайдалануу, тышкы аудит (контролдоо)  объекттеринин иштөө, аныкталган бузууларды жана кемчиликтердин себебин жана кесепеттерин изилдөө жана талдоо процессиндеги аныкталган бузуулардын жана кемчиликтерди талдоо;    

к) тышкы аудиттин (контролдоонун) жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, алардын себептерин жана кесепеттерин жоюу, Бирликтин бюджетин түзүү, тескөө жана башкаруунун натыйжалуулугун,; Бирликтин мүлкүн жана башка активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу  боюнча  сунуштарды иштеп чыгуу;

л) тышкы аудиттин (контролдоонун) жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди, алардын себептерин жана кесепеттерин четтетүү боюнча чаралардын, тышкы аудиттин (контролдоонун) объекттери тарабынан аткарылышын талдоо.

Шанхай кызматташуу уюмунун диалогу боюнча байкоочулардын жана өнөктөштөрдүн, мүчө мамлекеттердин аудиттин жогорку органдарынын кызматташуусу

Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин кызматташуусунун максаты, Тараптар ортосундагы кызматташууну колдоого жана кеңейтүүгө багытталган институционалдык механизмди түзүү, мамлекеттик  секторго аудит жүргүзүү жаатында маалымат алмашуу, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүгө жетүү жана калктын бакубат жашоосунун өсүүсү, мамлекеттик  башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, глобалдуу финансылык–экономикалык кризисти жеңүү, коррупция менен күрөшүү алкагында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо  болуп эсептелет.

ШКУ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын (АЖО) кызматташуусунун негизги багыттары болуп, төмөндөгүлөр эсептелет:

         1) мамлекеттик  аудит менен байланышкан ар кандай чөйрөдө, ШКУ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын ортосунда билим жана маалымат алмашууга жардам берүү;

         2) биргелешкен конференцияларды, семинарларды, кесиптик тажрыйбаны алмашууга багытталган, Тараптар ортосундагы потенциалды күчөтүү программаларын (мындан ары иш-чаралар) уюштуруу;

         3) мамлекеттик  аудит жаатында жаңы кесиптик иштеп чыгууларды алдыга жылдыруу;

         4) ШКУ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын ишинде эл аралык деңгээлде кабыл алынган стандарттарды жайылтуу;

         5) аудиттин функциясы менен байланышкан документтерди, кесиптик колдонмолорду жана изилдөөлөрдү алмашуу;

         6) регионалдык деңгээлде кызматташуунун мүмкүн болуучу чөйрөсүн аныктоо боюнча демилгелерди алга жылдыруу; 

         7) көрсөтүлгөн  маалыматтык технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;

         8) ШКУ мүчө мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, ШКУ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын ортосунда тажрыйба жана натыйжаларды алмашуу жана өз ара келишимдин негизинде биргелешкен/бирдей аудиттерди жүргүзүү;

         9) ШКУ мүчө мамлекеттеринин экономикасы үчүн потенциалдуу коркунучтарды аныктоо, алардан чыгымдарды минималдаштыруу варианттарын аныктоо;

         10) чакырыктарга ыкчам көңүл буруу тутуму боюнча жакшы тажрыйбаларды алмашуу;

         11) кризистик кырдаалдын пайда болушуна жана өнүгүшүнө жол бербөө максатында, ошондой эле, алардын терс кесепеттерин жоюу кызыкчылыгында, ШКУ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын потенциалын бириктирүү.

         ШКУ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу эки жылда бир жолу өткөрүлөт: биринчи жолу 2010-жылдын июлунда Москвада (Россия), экинчи жолу – 2012-жылдын апрелинде Шанхайда (Кытай) өткөн. Үчүнчү жолугушуу 2016-жылдын майында  Нур-Султан шаарында (Казакстан) өткөн.

         Акыркы жолугушуу Бишкек шаарында (Кыргызстан) 2018-жылдын июлунда өткөн. Жолугушууга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле  2018-жылы бирикмеге киришкен Индия жана  Пакистандын аудиттин жогорку органдарынын жетекчилери, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү       катышкан.

         Жолугушуунун катышуучулары дискуссия өткөрүшүп, “Мамлекеттик    аудитти өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги”, “Мамлекеттик  башкаруунун маанилүү аспабы катары, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышынын натыйжалуулугуна аудит” жана “Мамлекеттин социалдык саясатында аудиттин жогорку органынын ролу жана орду” сыяктуу бир катар маселелер боюнча пикир алмашышкан.  

         Саммиттин жыйынтыгы боюнча Жолугушуу протоколуна кол коюлган, ал   төмөндөгү документтерди камтыган: 

  • 2018-2019-жылдарга

Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын  жетекчилеринин IV жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү.

Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттердин финансылык контролдоо жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңеши

 

    Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2000-жылдын 3-ноябрынан тартып, Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттердин финансылык контролдоо жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин (мындан ары – КМШ мүчө мамлекеттеринин  ФКЖО) мүчөсү болуп эсептелет.  Бул Кеңеш иш тажрыйба алмашуу, өз ара аракеттенишүүнү чыңдоо жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик  финансылык контролдоо тутумун жакшыртуу жаатында ишти координациялоо максатында түзүлгөн.

    Кеңеш Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын Аткаруу комитетинин жумушчу органы, ошондой эле   өз ара кызыкчылыкты көрсөткөн маселелер боюнча, эл аралык  өкмөттүк жана өкмөттүк эмес менен түзүмдөр менен көз карандысыз негизде өз ара аракеттенүүчү, көз карандысыз, саясий эмес уюм болуп эсептелет. Кеңештин алкагында кызматташуунун негизги багыттары болуп, биргелешкен эки тараптуу жана көп кырдуу контролдук жана контролдук-аналитикалык иш-чаралардын практикасын туруктуу негизде кеңейтүү, кадрларды окутуу, даярдоо жана кайрадан даярдоо жаатында өз ара аракеттенишүү, жакшы тажрыйбаларды алмашуу жана КМШ аймагында мыйзамды унификациялоо боюнча ишке финансылык контролдоонун жогорку органдарынын катышуусу болуп эсептелет.

    Кеңештин негизги формасы болуп,  кезектеги сессияны өткөрө турган, финансылык контролдоонун жогорку органы жана Кеңештин катчылыгы менен бирге төрагалык кылуучу тарап түздөн түз ишке ашыра турган, даярдоо жана өткөрө турган, анын сессиясы эсептелет. Кеңештин адаттагыдай сессиясы жылына бир жолу өткөрүлөт.

    Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кеңеште эки жолу төрагалык кылган. Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2003-жылдын 3-сентябрында Бишкек шаарында өткөн Кеңештин IV сессиясына төрагалык кылган. Бул сессияда  Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттердин  жетекчилеринин Кеңешинин төрагасына,  Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын Уставында каралган тартипте, тармактык кызматташуу органы катары КМШ мүчө мамлекеттеринин ФКЖО жетекчилеринин Кеңешин каттоо өтүнүчү менен, Кайрылуу кабыл алынган.

    Ошону менен бирге, мамлекеттик  каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудитти өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө КМШ мүчө мамлекеттеринин ФКЖО жетекчилеринин Кеңешинин Арызы кабыл алынган.

    Экинчи жолу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, 2012-жылдын 5-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өктөн Кеңештин XII сессиясына төрагалык кылган. Анда “Электр энергетикалык тармагына аудит жүргүзүүдө Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын ролу жана орду жөнүндө” КМШ мүчө мамлекеттеринин ФКЖО жетекчилеринин Кеңешин Резолюциясы кабыл алынган.

    2010-жылдын 29-сентябрында Кеңештин X сессиясынын чечими менен, КМШ мүчө мамлекеттеринин ФКЖО үчүн мамлекеттик  финансылык контролдоонун стандарттарын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу тобу түзүлгөн. Ага Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү кирген. Жумушчу тобунун ишини негизги багыты болуп, методологиялык жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу эсептелет. Жумушчу тобунун иши учурунда төмөндөгү документтердин долбоорлору иштелип чыккан жана Кеңеш тарабынан кабыл алынган:

  • Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын мамлекеттикфинансылык контролдоонун (аудиттин) жалпы стандарты;
  • “Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдары тарабынан биргелешкен жана бирдей эксперттик-аналитикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү” стандарты;
  • Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын ишин тышкы баалоо” стандарты;
  • Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын мамлекеттикфинансылык контролдоонун (аудиттин)стандарттарында колдонулуучу терминдердин глоссарийи;
  • “Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын кызматкерлери үчүн этикалык талаптар, принциптер жана жүрүш-туруш ченемдери”;
  • Биргелешкен жана бирдей контролдук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын (аудиттин)сапатын контролдоо боюнча методикалык сунуштар.

    Жогоруда көрсөтүлгөн документтер, өзүнүн ишинде бул документтерди эске алуу үчүн,  Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарына сунуштар катары Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

    2021-жылдын 16-февралында Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын мамлекеттик  финансылык контролдоонун (аудиттин)  стандарттарын иштеп чыгуу боюнча,  видео конференция менен байланышуу режиминде Жумушчу тобунун XVI отуруму болгон. Ага Азербайжан, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россиянын финансылык контролдоонун жогорку органдарынын өкүлдөрү катышкан.

    Отурумга биргелешкен жана бирдей эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын сапатын контролдоо боюнча методикалык сунуштардын жана “Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенишүү” стандартынын долбоорлору чыгарылган.

    Биргелешкен жана бирдей эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын (аудиттин) сапатын контролдоону өткөрүү жөнүндө методикалык сунуштардын долбоору, аудиттин жогорку органдарынын жооптуу адамдары, ошондой эле   биргелешкен жана бирдей эксперттик-аналитикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүүнүн бардык этаптарында аудиттин жогорку органдары ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын, стандарттардын  жана ички ченемдик документтердин стандарттарынын талаптарын тартылган уюмдар жана эксперттер тарабынан сакталышын текшерүүнү регламенттейт,

    “Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенишүүсү” стандартынын долбоору, бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти, тажрыйба алмашуу тутумун, тышкы контролдоо (аудит) маселелери боюнча документтерди түзүү жолу менен, кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

    Отурумдун жүрүшүндө Молдова Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан даярдалган, ошондой эле   2021-2023-жылдары Жумушчу тобунун Иш планы менен жактырылган, ар кандай өлкөлөрдүн ФКЖОсу тарабынан инвестицияларга аудит жүргүзүү тажрыйбасы боюнча жалпылаштырылган аналитикалык маалыматтар талкууланган.

Аудиттин жогорку органдарынын Азиялык уюму (АЗОСАИ/ASOSAI) –   Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун (ИНТОСАИ)    регионалдык тобунун бири болуп эсептелет.  АЗОСАИ 11 мүчөсү менен 1979-жылы негизделген. Учурда мүчөлөрүнүн саны 46 аудиттин жогорку органына чейин өскөн.

            1979-жылдын майында Индиянын Нью-Дели шаарында Ассамблеянын жана Башкаруучу Кеңештин биринчи отуруму болгон. Ассамблеяда ASOSAIнин эрежелери жана жоболору жактырылган.

 

 АЗОСАИнин максаты болуп, төмөндөгүлөр эсептелет:   

  • Мамлекеттик аудит жаатында идеяларды жана тажрыйбаларды алмашуу аркылуу, уюмдар-мүчөлөр ортосунда кызматташууга жана өз ара түшүнүүгө жардам берүү;
  • Алардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында,окутуу жана үзгүлтүксүз билим берүү үчүн, мамлекеттикаудиторлорду мүмкүнчүлүк менен камсыздоо;
  • Мамлекеттик аудит жаатында дүйнөнүн башка бөлүгүндөгү мекемелер менен регионалдык байланыш жана маалымат борбору катары кызмат кылуу;
  • Регионалдык топтун жана уюмдун тиешелүү мүчөлөрүнүн, аудиторлордун арасында мамлекеттиккызматта тыгыз кызматташууга жана боордоштукка жардам берүү.

АЗОСАИнин функциясы:

  • изилдөөлөрдү сыйлоо жана алга жылдыруу жана аудит жана чектеш жааттардагы кесиптик макалаларды жана илимий иштерди жарыялоо;
  • мамлекеттик аудит жаатында идеялар жана тажрыйбаларды алмашуу үчүн, конференцияларды жана семинарларды уюштуруу;
  • башка функцияларды аткаруу, алар уюмдун максатына ылайык талап кылынышы мүмкүн.

 

  АЗОСАИнин түзүмүнө   Ассамблея, Башкармалык, Катчылык жана аудитордук комитет кирет.

Ассамблея  Уюмдун бардык мүчөлөрүнөн турат жана үч жылда бир жолу чогулат. Ар бир Ассамблея белгилүү бир тематикага багытталган жана эл аралык семинар бирге өткөрүлөт, анда, Ассамблеянын темасы же темачалары талкууланат.

Төрага ФКЖОнун төрагасы болуп эсептелет, анда акыркы кезектеги Ассамблея өткөрүлгөн.

  АЗОСАИнин катчылыгын Башкы катчы жетектейт, ал  Ассамблея тарабынан шайланат.     Катчылык  Секретариат АЗОСАИге административдик колдоо көрсөтөт жана уюмдун финансылык аспекттерин башкарат.

 АЗОСАИнин катчылыгы үч жылдык мөөнөт менен иштейт, ал эки жолу (9 жылга чейин) узартылышы мүмкүн.

 

Аудит боюнча комитет Ассамбеля тарабынан шайланган  эки мүчөсүнөн турат.  Комитет уюмдун эсебинен ар бир үч жылда аудит өткөрөт жана өзүнүн баяндамасын Ассамбеляга берет.

Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюму (ИНТОСАИ/INTOSAI) —

БУУ өлкөлөрүндөгү аудиттин жогорку органдарын бириктирген эл аралык уюм.  1953-жылы негизделген. Анын мүчөлөрү 192 аудиттин улуттук жогорку органдарынан турат.

 

  ИНТОСАИнин негизги уюмдары болуп, төмөндөгүлөр эсептелет:  

  • ИНТОСАИнин эл аралык конгресси.

ИНТОСАИнин жогорку органы болуп,   ИНТОСАИнин конгресси эсептелет.  Жылына 3 жолу чогулат.

  • ИНТОСАИнин Аткаруу комитети
  • ИНТОСАИнин Башкы катчылыгы.

 

Регионалдык жумушчу топтору:

  • Латын Америкасынын жана Кариб регионунун аудиттин жогорку органдарынын уюмдары (OLACEFS), 1965-жылы түзүлгөн;
  • Аудиттин жогорку органдарынын африкалык уюму(AFROSAI), 1976-жылы түзүлгөн;
  • Аудиттин жогорку органдарынын араб уюму(ARABOSAI), 1976-жылы түзүлгөн;
  • Аудиттин жогорку органдарынын азиялык уюму(ASOSAI), 1978-жылы түзүлгөн;
  • Тынч океан регионунун аудиттин жогорку органдарынын ассоциациясы(SPASAI), 1978-жылы түзүлгөн;
  • Кариб регионунун аудиттин жогорку органдарынын уюму (CAROSAI), 1988-жылы түзүлгөн;
  • Аудиттин жогорку органдарынын европалык уюму (EUROSAI), 1990-жылы түзүлгөн.

 

  ИНТОСАИнин стратегиялык максаты:

1-максат – кесиптик стандарттарды өнүктүрүү .
a) Кесиптик стандарттар боюнча комитет

Субкомитеттер:

  • Финансылык аудит жана отчеттуулук боюнча;
  • Шайкештик аудити боюнча;
  • Натыйжалуулук аудити боюнча;
  • Ички контролдоо стандарттары боюнча.

2-максат  – потенциалды күчөтүү
a) Потенциалды күчөтүү боюнча комитет

Субкомитеттер:

  • Биргелешкен аудит боюнча;
  • Абал боюнча бирдей текшерүү боюнча.

Максаттуу топтор:

  • ИНТОСАИнин аудиторлорун кесипкөйлөштүрүү;;

Долбоордук топтор:

  •  SAINT (АЖОнун ак ниеттүүүлүгүн өз алдынча баалоо аспабы)
  • АЖОнун ишин баалоо тутумунун стратегиясы(SAI PMF)
  • Туруксуз кырдаалдагы АЖО
  • Потенциалды күчөтүү боюнча комитеттин жетекчилиги
  • Потенциалды күчөтүү боюнча регионалдык форум

 

3- максат – Билим жана маалыматтык кызматтарды алмашуу 
a) Билим алмашуу боюнча комитет
Төмөндөгүлөр боюнча жумушчу топ:

  •  
  • Маалыматтык технология чөйрөсүндөгү аудит;
  • Экологиялык аудит;
  • Коррупция менен күрөшүү жана акчалардын изин жашыруу;
  • Негизги улуттук көрсөткүчтөр;
  • Баалуулук жана ФКЖО пайдасына;
  • Финансылык модернизациялоо, финансылык рынокту жана уюмдарды реформалоо боюнча;     
  • Кен казуу өнөр жай ишканаларына аудит;
  • Программаларды баалоо;
  •  
  • Көп маалыматтар.

4-максат  – эл аралык уюм катары   ИНТОСАИнин баалуулугун  максималдаштыруу
a) Координациялык комитет

  • ИНТОСАИ жана донорлор менен кызматташуу.

 

  2017-2022-жылдарга ИНТОСАИнин стратегиялык планы

         Стратегиялык план негизги максаттарды жана келечекте ИНТОСАИнин күчү менен колдонмо үчүн, бир нече негизги баалуулуктарды камтыйт. ИНТОСАИ 1953-жылы түзүлгөндөн баштап, бир кыйла ийгиликтерге жетишкендигин таануу жана келечекте жаңы милдеттерди чечүү үчүн уюмду позициялоо менен,  стратегиялык план ошол өткөн ийгиликтерге таянууга багытталган. 

Экономикалык кызматташуу өлкөлөрүнүн аудиттин жогорку органдарынын уюму  (ЭКОСАИ/ECOSAI – Түштүк жана Борбордук Азия региондорунун финансылык контролдоо жогорку органдарынын регионалдык форуму болуп эсептелет. 1994-жылы негизделген  ECOSAI, идеяларды, тажрыйбаны алмашуу жана семинарларды, конференцияларды жана окуу курстарын өткөрүү аркылуу, мүчө өлкөлөрдө мамлекеттик  аудитордук кесипти алга жылдырууга багытталган.

  ЭКОСАИге төмөндөгү өлкөлөрдүн аудиттин жогорку органдары кирет: 

  • Афганистан;
  • Азербайжан;
  • Иран;
  • Казакстан;
  • Кыргызстан;
  • Пакистан;
  • Тажикстан;
  • Түрк Республикасы, Түндүк Кипр;
  • Түркмөнстан;
  • Түркия;
  • Өзбекстан.

Башкаруучу Кеңеш ECOSAIнин аткаруучу бөлүмү болуп эсептелет жана төмөндөгү беш мүчөдөн турат:

  • Ассамблеянын кезектеги сессиясы өтө турган аудиттин жогорку органынын башчысы болуп эсептелген, Башкаруучу Кеңештин төрагасы;
  • ЭКОСАИнин Башкы катчысы;
  • Үч мүчөсү, алар үч жыл ичинде Ассамблея тарабынан шайланат.

ЭКОСАИнин  Башкаруучу Кеңеши төмөндөгүлөргө жооп берет: 

  • ECOSAIнин Уставынын аткарылышын контролдоого;
  • ЭКОСАИнин иштеши үчүн зарыл болгон чечимдердин кабыл алынышына;
  • Бюджеттин долбоорун кабыл алуу жаны аны Ассамблеяга берүүгө;
  • Аудит боюнча бандама жана бекитүү үчүн Ассамблеяга карата анын жеке комментарийлери менен бирге эсептерди берүүгө;
  • Ассамблеянын кезектеги ар бир сессиясынаЭКОСАИнин иши жөнүндө отчетту берүүгө;
  • Ассамблея тарабынан ага жүктөлгөн жана башка милдеттерди аткарууга.

ECOSAIнин Уставына ылайык, Башкаруучу Кеңеш жылына бир жолудан кем эмес чогулушат. Башкаруучу Кеңештин отурумуна жок дегенде үч мүчөсү катышышы керек. Башкаруучу Кеңеш көпчүлүк берген добуш менен чечим кабыл алат.

 

ЭКОСАИнин катчылыгы жөнүндө

Пакистанда аудиттин жогорку органы катары, Пакистандын Башкы аудитору департаменти бир катар эл аралык милдеттенмелерге жооп берет жана  кесиптик өнүгүү маселеси боюнча эл аралык коомчулук менен өз ара аракеттенишет. Башкы аудитордун кеңсесин координациялоо жана эл аралык мамилелер бөлүмү, бул жааттагы иш үчүн жооп берет. 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы төмөнкү линия боюнча эл аралык аудитордук уюмдар менен кызматташат:

INTOSAI

ASOSAI

ECOSAI

КМШга мүчө мамлекеттердин ФКЖО жетекчилеринин Кеңеши

ШКУга мүчө мамлекеттердин АЖОсу

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин АЖОсу